Ысык-Көл облусунун Тоң райондук соту өзүнүн 4 айлык наристесин чаап өлтүргөн жергиликтүү тургун боюнча ишти карап чыгып, чечим чыгарды. Бул тууралуу turmushпорталы жазып чыкты.

2018-жылдын 28-декабрында Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылынын четинде жайгашкан кашарда жашаган жубайлар урушуп кеткен.  Өзүн кармана албай жиндеген  күйөөсү жыгач менен аялын чабам деп, колунда кармап турган төрт айлык кызын башка чаап алган. Ал учурда күйөөсү мас  болгон. Кызын чаап салганына жини келген аялы  күйөөсүн сол колунун булчуӊуна бычак менен сайып жиберген.

Уруштан кийин 4 айлык кызы Тоң райондук ооруканага жаткырылып, наристе бир күндөн кийин чарчап калган. Келинди төркүнү алып кеткен.

Аталган кылмыш иш боюнча өткөрүлгөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Эмирди КРнын Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен (этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү) күнөөлүү деп таап, аны 10 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Тоң райондук сотунун 2019-жылдын 11-апрелиндеги өкүмү менен Эмир КРнын Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды.