Эртеңки күндѳ кимибизди эмне күтүп жатканын эч ким билбейт. Бирок баарыбыз келечегибиздин жакшы болушун каалайбыз. Бактылуулук үчүн жасачу бир топ аракеттердин бири – башканын турмушунан сабак алып, башкалардын каталарын кайталоодон сактануу жана ийгиликтүү кадамдарын үйрѳнүү. Купуя жарыяланган сырлар окурманды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.
▶«Ырчы кылам деп тагдырымды талкалады»
▶Кичинемден комуз менен ырдап, ырчы болом деген кыялым күч эле. Мага болгону колдоо керек болчу. Бирок ата-энемдин колунда жок болгонго кыялыма жетүү мен үчүн өтө татаалдай сезилчү. 17 жашымда бир бай адам менен таанышып калдым. Анын мага ѳзгѳчѳ кѳңүл буруусу жүрѳгүмдү жылытып, болгон сырымды айтчумун. Ал мени ырчы кылам деп бир күнү кыздык намысымды алып койду. Жакшынакай үй-бүлөсү турса да мени менен жүрүп алды. Менин оюм болсо анын арты менен кыялыма жетүү болду. Эптеп ырдап чыксам болду деп жүргѳн маалда боюма бүтүп калды. Алдырам дегениме каршы болуп, кыз төрөдүм. Тѳрѳгѳн соң ырдатарын убада кылган неме эми мени кызганып, улам текшерип көчөгө да көп чыгарбас болуп кетти. Ырчы кылбай же толук экинчи аял кылып албай жашоом менен ойноп жүрүп алды. Бир күнү катуу уруша кетип кызым менен тѳркүнүмѳ келип калдым. Эми апамдын үйүнө да батпай баратам. Ал эми ырчы болуу тууралуу ойлорум кумга сиңген суудай эле жок болду. Эми эмне кылам, башым катат..
Аноним

Булак: lady__kg