11-апрелде , саат 20,30дар чамасында Оштун түштүк — чыгыш тарабында жайгашкан жатаканалардын биринин 3-кабатынан студент кыз боюн таштаган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыздын акыреги сынган. Учурда кошумча диагностикадан өткөрүлүүдө. Өмүрүнө коркунуч жок. Тергөөнүн алгачкы версиясына жана алынган көрсөтмөгө ылайык, жакын адамы менен телефон аркылуу урушуп кетип, боюн таштап жиберген», — деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.