Кече жакында эле чет өлкөлөрдүн биринде жүргөн Өмүрбек Бабанов өзүнө караштуу НТС телеканалына маек куруп, «Мен жакында Кыргызстанга барам, өз мекенимди ата-энемди сагынгандай сагындым» деди. Ырас, ата-эне кандай ыйык, кандай улук болсо, туулган жер, мекен дагы ошондой ыйык, ошондой улук. Бул жагынан алганда Бабанов мырза өзүнүн туулган жерге болгон кусалыгын таасын сүрөттөгөн.
Эгерде биз өз мекенибизди ата-энебиздей жакшы көрсөк, сүйсөк, анда ага ата-энебизге жасагандай аяр мамиле жасашыбыз керек эмеспи? Мына ушул жагынан алганда Өмүрбек Токтогулович өз мекенин ата-энесин сүйгөндөй сүйө албаган экен деп кейип каласың. Буга анын бизнестеги, саясаттагы жасаган иштери факты болуп берет. Биз ошолорго кыскача токтололу. 
2010-жылы «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКсынын жетекчилиги өзүнүн кыймылсыз мүлктөрүн (17 обьект) жана республиканын аймактарындагы филиалдарын «Азия Истейт» ЖЧКсына бар болгону 46 млн сомго сатып жиберген. Негизи аны сатып алган «Азия Истейт» компаниясы деле Бабановго таандык компания болгон. Мындай сатуу жасоонун максаты – салык жашыруу болгон. 
Бабановдун тууганы Сагадылда уулу Жаныбектин наамына (мурда Мырзабаева Жаныбек Сагадылдаевич болгон) катталган компаниялар боюнча мамлекеттик салык кызматынын тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 852 300 000 сом болгон. Бул боюнча 2019-жылдын 29-мартында КР өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматына сотко чейинки териштирүүнү уюштуруу үчүн иш жөнөтүлгөн. Муну бир деп туруңуз. 
Ал эми 2006-жылдын башында Ө. Бабановдун адамдарына катталган СЭЗ Бишкек – «Манас Интернешнл Сервис» ЖЧКсынын мамлекеттен жашырган салыгы 700 млн сомдон ашкан. 
Ө. Бабанов 2012-жылы премьер-министр болуп турган кезинде Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы айыл-чарба багытындагы жер тилкелерин калктуу пункт деп трансформациялаган токтомго кол койгон. Анан ал жерге «Идеал хаус» компаниясы үй куруп баштаган. Бул боюнча ошол убакта эле журналист Элнура Алканова кызыктуу фактыларды таап чыккан. 
Бабанов бул токтомго кол койгонуна Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын жер тилкесинин категориясын алмаштыруу боюнча сунушун негиз болду деген. Бирок, ал жер карапайым элге эмес, курулуш компаниясына сатылып кеткен. 
Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында башынан ак калпагын түшүрбөй эле шайлоочулар менен жолугушуп жүргөн Өмүрбек Бабанов Ош облусундагы өзбек тектүү эл жашаган Он-Адыр айылына барганда башынан калпагын чечип салып, улуттар аралык кастыкты козуткан сөздөрдү айтканын билебиз. Анын айткандары 2010-жылы июнь коогалаңын уюштурган маркум, сепаратист Кадыржан Батыровдун сөздөрүнүн эле кайталандысы болгон. Ал ошондо элди бийликке баш ийбөөгө ачык эле чакырык таштаган. 
2018-жылдын 30-сентябрында Башкы прокуратура ЖК депутаты К. Исаев жана башка бир катар адамдарга бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандыкка даярдык көрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 
Бабановдун рейдерлиги тууралуу кеп кылганда, Военно-Антоновкадагы машина базары да дароо эске келет. Маркум Ж. Сурабалдиевдин кызы, учурдагы ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева ошол «РИОМ» автобазарын (жалпы аянты 8 га) сатасын деп Максим Бакиев кандайча басым жасаганын айтып берген. Ошол басымдын негизинде айла жок Сурабалдиева автобазарды Бабановго саткан. Макулдашуу боюнча автобазарга Бабанов 5 млн доллар бермек, бирок ал болгону 1 млн доллар берип, калганын бербей койгон. 
Өмүрбек Токтогулович «ВОССТ» ЖЧКсынын ээси Валерий Хондун нефтебазасын тартып алганы да белгилүү. Бул жерде «Мунай Мырза Базис» ЖЧКсы тарабынан алдамчылык иш-аракеттер болгон. Ал ЖЧКнын ээси Бабановдун тууганы – Сагадылда уулу Жаныбек болгон. Албетте, анын артында Бабанов өзү турган. Кийин Валерий Хондун өмүрүнө да коркунуч туудурган. 
Ошол эле Валерий Хондун ЖЧКсына таандык НТС телеканалын да Бабанов рейдерлик жол менен басып алган. Негизи бул телеканал 2010-жылдан кийин мамлекеттин пайдасына улутташтырылышы керек эле. Бирок, анын ордуна ал Бабановго таандык болуп чыга келген. 
«АКБ Кыргызстан» банкын да Ш. Садыбакасовадан тартып алганы белгилүү. Банктын мурдагы жетекчиси Т. Койчуманов ошол убакта аны Максим Бакиев өзүнө чакырып: «Банктын 60% акциясын Бабановго сатасыңар» деп айтканын, ага макул эместигин билдирсе, «маселе чечилип калган» дегенин маалымат булактарынын бирине берген маегинде айткан. Расмий маалымат боюнча азыркы тапта банктын 98% акциясы Бабановдун үй-бүлөсүнө таандык. 
Эми өзүңүз деле элестете бериңиз, өзүнүн мекенине, мамлекетине ушундай мамиле жасаган адам мекенин ата-энесиндей сүйөт деп айта алабызбы? Антип айта албайбыз. Бабанов үчүн Кыргызстан мекен катары эмес, биринчи кезекте өтө тездик менен байып алуучу гана ири компаниядай сезилет. Анан эми ушундай рейдерчинин, эл-журтунун тынчтыгын уурдагысы келген, улуттар аралык кастыкты козуткусу келген саясатчыны элибиз күтүп атат деп кантип айтабыз?

Булак: Апрель ТВ