Өзгөн районунда өз атасынан боюна бүткөн 15 жаштагы кыз төрөдү. Бирок ал баладан баш тарткан. Бул тууралуу «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асылбекова билдирди.

5-апрель күнү 15 жаштагы кыз Ош облустук төрөт үйүндө операция (кесерово)жолу менен көз жарган. Ымыркайдын салмагы 2кг, 400гр. Учурдаэне баланын абалдары жакшы.

«Өспүрүм кыз 5-апрель күнү операция жолу менен уул төрөдү. Учурда ал төрөтканада. Баласын төрөт үйүнө эле таштап кетет, себеби баланы бакканга шарты жок. Кызды кайра “Ак жүрөк” кризистик борборуна алып кетебиз», — деди Дарика Асылбекова.

Эскерте кетсек, Өзгөндө өз атасы 14 жаштагы кызын зордуктап жүргөнү ушул жылдын февраль айында белгилүү болгон. Үй-бүлө башчысы кылмышын мойнуна алган. Кыздын апасы алты жыл мурун каза болгон эле. Алгач киши психикалык жактан оорулуу экени айтылган, бирок экспертиза атанын эс-акылы жайында экенин көрсөткөн. Кылмышкер учурда камакта.