—Зарылбек мырза, өткөн жумада кыргыз-казак чек арасындагы “Ак –Тилек” бекетинде жаралган кырдаалга байланыштуу маселени жабык эшик артында карадыӊыздар. Көп маселе коомчулукка жетпей калды. Сиз ушул маселе боюнча ачыктап айта турганыӊыз барбы?

—Ооба. Ачык эле айтайын. Мен бул маселени ошол жабык жыйында көтөрдүм. Эми силердин гезит аркылуу коомчулукка  ачыктап койгум келет. Себеби, карапайым калк маселенин негизги өӊүтүн билиши керек. “Ак-Тилек” бекетинде эмне үчүн ошондой кырдаал жаралды? Ага ким күнөөлүү? Казактарбы, же биздин бийликтен да ката кетип жатабы? Эл ушул маселеге  өз убагында так жооп алышы керек да. Биздин билишибизге караганда, ал бекетте эрте бузулуп кете турган айыл-чарба азыктарын ташыган унаалар казак тарапка кыйынчылыксыз эле өтүп жатыптыр. Себеби, андан маселе жок. Маселе башкада. Ал эми экинчиби, үчүнчү мамлекеттерден товар ташып  келген унаалардын айдоочуларыны көбү өздөрү бекеттен өтпөй чегинип турушат. Анткени, казактар аларды катуу текшерип жатышат.

—Шектүү товарларды табабыз деген максат мененби?

—Антип айтса да болот. Биздин бийлик казак тарап унааларды бекеттен өткөрбөй жатат деген маалымат таратып жатышпайбы, ал маалымат анчалык туура эмес. Эмнеге дегенде, жогоруда айткандай башка мамлекеттерден товар тартып келген унаалардын көбү катуу текшерүүдөн чоочулап, өтпөй жатышат. Артка кайрылып кетип жаткандары  да бар дешти. Мен мурунку министр, көп жыл опер кызматкер болуп иштеген адам катары бул маселени анализдеп, маалымат чогултканга аракет кылдым. Мага жеткен маалыматтарга таянсам, Бажы кызматынын жетекчиликке, же бийликке таарынычы бар кызматкерлери (анын ичинде ушу тапта иштеп жатканы да, иштеп кеткени да бар)  тыӊчылык кылып, же азыркыча айтканда агенттин ролун аткарышып, казак тарапка мына ошол бекеттен өтүп келишкен унаалардын ичиндеги товарлар боюнча толук, так маалымат беришкен. Мына ошол маалыматтын негизинде казак тарап үчүнчү мамлекеттерден келген товарларды катуу текшерип башташкан. Өкмөт болсо: “Казактар рейддик текшерүү иш-чарасын өткөрүп жатышыптыр” – деп  айтып жатпайбы. Бул да туура эмес. Анда иш-чараны өткөрүү маселеси казак тарап эле эмес, эки тараптуу, керек болсо ЕАЭБ кирген мамлекеттердин иш-чарасы болуп эсептелет. Демек, мындай тиешелүү текшерүүлөр бир тараптуу болбош керек. ЕАЭБге  жетекчилик кылып жаткан Арменияга да сөз тийет. Рейддик иш-чара   деген эмне? Алынган маалыматтар  бир ирет текшерилип, 100 пайыз аныкталгандан кийин, жогорку жактын, мындайча айтканда ЕАЭБ жетекчилигинин уруксаты менен жүрүшү керек. Бүгүнкү күндө андай болгон жок деп да айтуу кыйын. Менин укканыма караганда казактар армяндарга да ушундай болуп жатканын, толук маалыматтар бар экенин, ал маалыматтар жалган эмес, чын экенин айтып, түшүндүрүп туруп, анан текшерүү иш-чарасын өткөрүп жаткан имиш. Бул маселени армяндар эле эмес, Россия да билет болуш керек. Мен муну тажрыйбалуу опер кызматкери катары айтып жатам.

—Үчүнчү мамлекеттерден келген товарлар буга чейин эле өтүп келишкен да. Эмне үчүн  ал учурларда оӊой эле өтүп келишкен?

—Ар кандай жол менен, көбүнчө өз ара сүйлөшүп алып өтүп келишкен да. Биздин Бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан берилген маалымат бул ирет казак бийлигинин төмөнкү эмес, жогорку бутактарына чейин жеткен. Жогорку жак буга чейин бул маселеге мынчалык көӊүл бурбай келсе керек, эми жанагындай маалыматтардан улам тыкыр текшерүүгө алып жатышат.  Мисалы, унаа ичинде 20 тонна товар болсо, аны 10 эсе, же 5 эсе азайтып көрсөтүп өтүп кетишчү да. Азыр ушул жана башка боюнча маалыматтар ачыкталгандан кийин, ушундай кырдаал жаралды. Ушул себептен, шектүү товар ташыган унаалар  чек арага кирсем, камап, машинаны конфискация кылып салат деп кирбей, бул маселенин чечилишин күтүп турушат. Менимче, казактарда унаалардын номери, ичиндеги товарлар боюнча толук маалыматтар бар. Эмне үчүн Казакстанга вице, же премьер-министр өзү барган жок? Эмнеге дегенде өкмөт башчы “Ак-Тилек” бекетинен ушундай товарлар өтүп жатканын мурун эле билген. Ушул себептүү, бети чыдабай барган жок деп ойлойм. Премьер Бажы кызматынын төрөгасын чакырып туруп: “Ушунун баарын сен кылып жатасыӊбы, барып чечип кел” – деп жиберди.    Биздин Бажы кызматы Казакстанга барып келиптир. Алар он ирет барса да, маселени чече алышпайт. Өкмөт өзү сүйлөшүшү керек. Казак тарап Бажы тармагындагы ушундай коррупциялык, контрабандалык көрүнүштөрдү жоюп, талапка ылайык тартипке келтирүүнү талап кылып жатышат да. Бул жагы туура дечи. Азыр бийлик “элдик дипломатия” тобун түзүп, ошолорду жиберебиз деп жатышыптыр. Бул деген сөз, өкмөттөн майнап жок, алардын колунан эч нерсе келбейт дегенди билдирет. Үмүт үзүлгөндөгү акыркы сөз да. Эл ичинде таза адам барбы?  Болсо барып сүйлөшүп келишсин деген сөз. Бул уят иш да… Бийлик үчүн уят. Катуу сокку.  Мунун баарын кылган Бажы кызматы. Бажы кызматынын коррупциялашып, такыр болбой калгандыгы. Балким, казактарга контробанда боюнча маалымат бергендер, патриоттуулук кылышып: “Бийлик Бажыдагы коррупцияга алы жетпей койду. Эми казактар бул маселени ачыкташсын. Ошондо тартип болобу?”- деген үмүт менен маалыматтарды берип жатышабы деп ойлоп калам. Айтор, бул маселе боюнча алдыда дагы көп нерсе ачыкталат.

Булак: Багыт