Мамлекеттик салык кызматы салык карызын өндүрүү иштерин күчөтүү максатында апрель айын «Салык карызын кыскартабыз!» аттуу бир айлык жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында: текшерүүнүн жыйынтыгында субъекттерден салык карызы мажбурлап өндүрүлүп, ошондой эле козголгон кылмыш иштери боюнча да салыктар жыйнала турганы айтылат

Карыздарга байланыштуу материалдар сотко өткөрүлөт, салык төлөөчүнүн мүлктөрүнө каттоо жүргүзүлүп, алыш-бериш эсебине салыктык төлөм талаптары коюлат, банктардагы эсептер жабылат. Карызкор мекемелердин жетекчилери жана башкы эсепчилери административдик айыпка тартылат.