Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан хоккей боюнча мелдеште калыстар тобу Кыргызстандын курама командасынын мурдагы төрт оюнунда жетишкен жеңишин жокко чыгарып коюшту.

Буга чейин маалым болгондой Кыргызстан курама тобу Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконгдун командалары менен ойноп, алардын баарын чоӊ эсеп жеңип чыккан. Бирок БАЭ командасы менен акыркы беттешке чыгарда калыстар тобу Кыргызстадын курамасындагы алдыӊкы оюнчу Александр Титовду оюндан чыгарып, ал аз келгенсип мурдагы оюндардын жыйынтыктарын жокко чыгарып салышты. Ошону менен Кыргызстанга ар бир оюн үчүн 0, ал эми атаандаштарга 5 упайдан берип, жыйынтыгында кыргыз хоккейчилери 0:20 эсеби менен саптын эң төмөн жагына түшүрүлдү.

Кыргыз хокейчилери акыркы беттеши БАЭнин командасы меннен Александр Титовсуз ойноп, 7:4 эсеби менен жеңишти камсыздаган. Белгилей кетсек, кыргыз оюнчуларынын буга чейин камсыздаган жыйынтыктары жокко чыгарылбаганда жана Кыргызстан Араб Эмираттарын утса, III Дивизионго жолдомо алмак.

Мелдеш 31-марттан 6-апрелге чейин созулуп, ага алты команда катышып жаткан.

Белгилей кетсек, Александр Титов мурда Орусия үчүн ойноп жүргөн, бирок мелдештин алдында Хоккей боюнча эл аралык федерация ага Кыргызстан үчүн ойногонго уруксат берген. Ал мурдагы төрт беттеште беш шайба киргизген болчу.

Натыйжада Бириккен Араб Эмираттары 1-орунга чыгып, ал эми беш команданын баарын ута алган Кыргызстан эң акыркы орунга түшүрүлдү. Эми бул маселени Дүйнөлүк хоккей федерациясы кандай кабыл алып, кандай чечим чыгарат, аны убакыт көрсөтөт.