Москва шаарынын «Авиа Плаза» бизнес борборунда ишкерлер форуму өттү. Аталган жыйында төмөндөгү темалар боюнча лекциялар жана мастер-класстар өткөрүлдү: — Нөлдөн баштап бизнес түзүү же өз ишиңди кантап баштоо керек; — Кыргызстандын кандай келечеги бар; — Тууру түзүлгөн стратегия – ийгиликке карай жол; — Эко-продукт түзүү технологиясы; Форумда угуучулар бизнес жүргүзүү негиздерине үйрөткөн жана практикалык иш тажрыйбасы менен бөлүшкөн эксперттер жана бизнесмендер менен баарлашты. Катышуучулар ар кыл бизнес тармактары боюнча кейстер менен таанышып, белгилүү бир көйгөйлөр боюнча суроолорго кесипкөй жоопторду алышты. Жыйында биздин мекендештер өздөрүнүн экономикалык сабаттуулугун жогорулатышып, практикалык бизнес көндүмдөрүнө ээ болушту. Форумдун катышуучулары аталган иш-чаранын пайдалуулугун жогору баалашып, форумду туруктуу негизде өткөрүп туруу өтүнүчү менен уюштуруучуларга кайрылышты.