Канчалык илим-техника өнүккөн сайын анын натыйжасы медицина багытында дагы ийкемдүү иштегени байкалууда. Неврологдор өткөн мезгилде топикалык диагностиканы кеңири колдонуп, анын натыйжасын клиникада далилдүү түрдө көрүп жүрүшсө, азыр заманыбыздын агымына ылайык магниттик-резонанстык томографиясыз, компьютердик томографиясыз ишибиздин илгерилөөсүн элестете албайбыз.

            Биз окуп-үйрөнгөн 1970-жылдардын баш жагында, кийин мен иштеп калган республикалык бейтапкананын неврология бөлүмүндө биздин агай-эжейлер топикалык диагностиканы кеңири колдонуп, жакшылап үйрөткөнү азыркы тажрыйбамда  өзүнүн оң натыйжасын берип келе жатат.

            Топикалык диагностика дегенибиз нервдин өлчөмдүү жериндеги бузулууну клиникалык ыкма менен так аныктай турган изилдөө. Мындай изилдөөдө бейтаптын рефлекстик өзгөрүүлөрүн, тери сезгенүүлөрүн аныктап, клиникалык бүтүм  чыгарылат. Биздин ошол мезгилдеги сезимибизге сиңип калган топикалык диагностика ушунчалык таасирлүү көрүнүп, оорулууну невралогиялык багыттагы баамдоо ушул мезгилге чейин колдонулуп келүүдө. Компьютердик томография биздин тажрыйбабызга кирген 1970-жылдын орто чендеринде жаңы агым катарында баарыбыздын көңүлүбүздү өзүнө бурдурган. Мурда ренгтен аппараттары жөнүндө билип-көрүп, сөөктөрдү, өпкө-жүрөктү тартууда анын ийгилигин баамдап жүрсөк, эми компьютердик томографияда изилденүүчү органдардын белгилүү катмарын сүрөткө тартууга мүмкүндүк берген, рентгендик жаңы ыкманы тажрыйбабызга киргизгенибиз турмушубуздагы чоң жаңылык болду десем жаңылышпайм.

            Бул жерде компьютердик эсептөөлөр менен мээ сөөгүнүн жана мээнин  өзгөрүүлөрүн даана билүүгө болот. Мындай ыкма тканды катмарлап кесип көрсөтүү жолу менен рентген нуру аркылуу сүрөткө тартуу болуп эсептелет. Эң натыйжалуу жагы ушундай изилдөөлөрдө мээ чел кабыгын, кан тамырларын, мээ коңулчаларын, мээнин боз жана ак заттарын, карынчаларын дааналап көрөбүз. Компьютердик тартуу учурунда мээ ткандарынын өзгөрүүлөрү ачык байкалат. Эми сыртынан тартып, мээни көргөн, анын ичиндеги изилдөөлөрдү клиникада колдонгон ушундай жакшы ыкма нейрохирургияга, неврологияга фундаменталдык жаңылык киргизгенин баса белгилөөгө туура келет. Компьютердик томография жөнүндө 1971-жылы жазып, анын ыкмасын колдонууга жол ачкан англиялык изилдөөчү Г. Хаустфилддин изилдөөлөрүнөн бери, бул ыкманын диагностикалык мүмкүнчүлүгү абдан чоң бийиктикке көтөрүлдү. Жөнөкөй элге түшүнүктүү болуусу үчүн элестүү кылып айтсак, мурдагы рентген вертикалдуу түрдө тартса, мында рентгендин тегеретмесине адамды киргизип, адамдын денесин тегеретип тартууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошентип биз компьютердик томография жөнүндө айтканыбызда, аны экиге бөлөбүз: 1-кадимки салттуу томография; 2-спиралдык компьютердик томография.

            Спиралдык компьютердик томографияда салттуу томографиядан айырмалап органды кеңири кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, органды тартууда үч мейкиндиктен байкоо мүмкүнчүлүгүн алабыз. Акыркы жылдарда пайда болгон мультиспиралдык компьютердик томографияда (МСКТ) органды тартууда кеңири жана көлөмдүү сканердик шартка ээ болуп, убакытты үнөмдөө менен 15 секундда органды көрүүгө болот. Ушуга катар мейкиндик өлчөмү менен маалымат өлчөмү өтө кеңири болуп, ткандарынын морфологиялык өзгөчөлүктөрүн максималдуу түрдө билебиз. Өзгөчө омурткалардын, кан тамырлардын өзгөрүшүн так аныктайбыз. Мультиспиралдык компьютердик томография (МСКТ) менен аортанын жана андан тараган кан тамырларды, ошону менен бирге күрөө кан тамырын, омуртка кан тамырларынын ал-ахыбалын так билип, ошол кан тамырлардын  кеңдигин байкайбыз. Мисалы, кан тамырлар тарып кетсе,  кысылып калса же  анын ичинде атеросклероздук дөмпөкчөлөр пайда болсо, кан тамырдын катмары бузулса, кан тамырлар ийри болуп калса, ал дааналап билинет.

Магниттик-резонанстык томография

            Компьютердик томография магниттик-резонанстык томографиянын чыгышына жол ачып, анын башталгыч булагы болду десем жаңылышпайм. 1990-жылдардын орто чениндеги “Жал” кичи районундагы республикалык балдар ооруканасынын имаратында ачылган биринчи магниттик-резонанстык томография республикадагы  жаңылыктын даана белгиси болуп, бардык клиникалык дабагерлердин, анын ичинен өзгөчө неврологдордун, нейрохирургдардын, ортопед-травматологдордун ишин алдыга жылдырып, бейтаптардын кезегинен, андагы иштеген адистердин даражасы  көтөрүлгөнү алиги күнгө чейин унутула элек. Кийин “ЮРФА” менчик диагностикалык борборунда жаңы заманбап магниттик-резонанстык томография ачылганда сүйүнүчүбүз коюнубузга батпай, айрыкча ошол багыттагы изилдөөгө муктаж кесипкөйлөрдүн иши илгерилей баштаган. Азыр мындай изилдөөчү аппараттардын борбор калаабызда бир канчасы пайда болуп, областтык ооруканаларда дагы ачылып жатат. Дегеле бул баарыбызды дегдетип, өзгөчө клиникалык дабагерлердин сүймөнчүгүнө айланган мындай диагностикалык изилдөө эмнеси менен баалуу болуп, элге жагып жатканын жөнөкөй элестүү кылып айтып көрөлүчү.

            Нейрохирургдарга,   неврологдорго, ортопед-травматологдорго келген бейтаптар ошондой томография пленкасын бирден көтөрүп алып, өтө баалуу изилдөөнү салып жүргөндөй түр көрсөтөт. Бул изилдөөлөрдүн баалуулугу биринчи кезекте клиникалык белгилерге дал келеби, алар түшүнүп деле койбосо керек. Адамдын организминин 70 пайызы суудан тураарын көптөр билсе керек. Магниттик чоң чыңалууда адамдын денесиндеги суулардын ядролору тартылууга ээ болуп, титирей баштайт. Ошол титирөөдөн биз ткандардын боштугун, кеңдигин, катуулугун сүрөткө түшүрүп, компьютердик эсептөө менен андагы өзгөрүүлөрдү кенен-кесири биле алабыз.

            Биз мындай ыкма менен компьютердик томографиядагы анатомиялык өзгөрүүлөрдү гана көрбөстөн, магниттик томографияда ткандын физико-химиялык кошумча өзгөрүүлөрүн байкайбыз. Ошентип биз рентген аппаратындай  зыяндуу нуру жок, ткандардын жабыркаганын жабыркабаган ткандардан айырмалап биле турган жаңы багытка ээ болдук деп ишеничтүү айтсак болот. Биринчиден, жогоруда айткандай, магниттик-резонанстык томография зыяны жок изилдөө. Мындай багытта ткандарды айкын, кеңири катмарлап  билүү менен катар алардын көрүнүшүн даана, ачык көрүп, өзгөчө жумшак ткандардын өзгөчөлүгүн, катуу  ткандардын өзгөчөлүгүнөн   айырмалай алабыз.

            Мээнин ичиндеги демиелинизация деген жабыркаган зоналар “чачылма склероз”  оорусунда так, даана көрүнөт. Мээге кан жетпей калган зоналар, кан куюулуп кеткен зоналар, мээнин чел кабыгынын алдындагы кандын куюлушу, мээ сөңгөгүндөгү кан тамырдык өзгөрүү ачык көрүнүп, билинет. Магниттик-резонанстык томоргафияда мээнин артериялары, веналары, алардын аномалиялык өзгөрүүлөрүн, артерио-веноздук аневризмдерди жана бөлөк кан тамыр мальформацияларын жана  кан-тамыр тромбоздорун так аныктоого болот.

            Акыркы жылдары магниттик диффузиялык, перфузиялык томографиялар пайда болду. Мындай диффузиялык томография ткандагы молекулардын кыймылын тактап көрсөтөт. Ал эми   перфузиялык томография ткандарга кислороддун жетишин айкындайт.

            Магниттик-резонанстык томографиянын (МРТнын) эң баалуу багыты мээдеги болгон травманын белгилерин далилдейт. Дегеле магниттик-резонанстык томография жөнүндө сөз болгондо, биринчи кезекте анын жумшак ткандарды жакшы көрсөтөөрүн, өзгөчө мээни, жүлүндү, ички органдарды  ачык көрсөтүп, мээдеги шишиктерди так аныктай турган ыкма экенин далилдүү айтсак болот. Айрыкча МРТнын пайдасын омуртка грыжасын аныктоодо даана билүүгө болот.

Эми биз  диска-грыжасы жөнүндө сөз кылсак, МРТдан көрүнгөн омуртка аралык дисканын чыгып калуусу дисканын көөп калуусунан пайда болот. Кээде мындай дисканын көөп чыгышы дисканын тканынын ортосундагы килкилдек заттын (студенистое ядро) сыртка кылтыйып чыгып калуусунан келип чыгат. Кээде омуртка аралык дисканын бийиктиги кичирейип, былчыйган абалда фиброздук алкак узарып кетип, нерв талчаларын кысып калса, анда ал диска грыжасы деп аталат. Андай кылтыйып чыгып калуу кээде үзүлгөн абалда болсо, анда аны  “секвестр” дейбиз. Мындай   учурда сөзсүз операция ыкмасына кайрылууга туура келет. Ал эми омуртка аралык дисканын дегенеративдик  өзгөрүүлөрү  омуртканын өзгөрүүсү менен коштолуп, улагайган адамдарда кездешет. Мындайда “килкилдек зат” менен кошо фиброздук алкак  катып калышы мүмкүн.

Тажрыйбадан билингендей жаш өткөн сайын омуртка аралык дисканын ийкемдүүлүгү азайып, жумшактыгын жогото баштайт.

Омуртка каналынын кысылышы (стенозу) МРТда даана көрүнөт. Мындай кысылуулар моюн жана бел омурткаларында байкалат. Ар дайым эле стеноз деген аныктамадан клиникалык дабагерлер корко бербейт. Анткени стеноздун аныктамасы клиникалык абал менен көбүнчө дал келе бербейт.

МРТга кайсы учурда кайрылууга болбойт? Дегеле денедеги металл заттар магнитке тартылып, зыяндуу абалды пайда кылбасын десек, денедеги металл менен МРТга кирүүгө болбойт. Анын ичинен жүрөктүн электрдик кардиостимулятор аппаратын колдонгондор, кекиртегинде трахеостомиялык трубкасы болсо же өпкөгө кирүүчү трубкасы бар жандандыруучу бөлүмдө жаткан бейтаптар болсо, башында же мээнин ичинде металл заттары (баштагы осколкалар, мээдеги операциялык клипсалар) барлар, көз чанагындагы металл заттары менен  тиш протездери барлар  МРТга кире  албайт. Анткени мээдеги металл заттары чоң магниттик чыңалууда тартылып, ордунан жылып кетип жаңы жабыркоону пайда кылат. Ошону менен катар жүрөктө жасалма клапандар болсо,  жүрөк кан  тамырларына шунт коюлса, кош бойлуу аялдардын биринчи үч айлыгында МРТ тартылбайт.

Эпилепсия талмасы кармаганда МРТга кирүүгө тыюу салынат. Кээ бир жабык бөлмөдөн корккон адамдарга, невроз оорусу менен ооруп чыдамсыз болуп калган учурларда атайын тынчтандыруучу дарылар сайылат. Анткени    мындай  аппаратка бир калыпта жарым саатка тынч жатуу айрымдар үчүн кыйын. Кээде  кулагы шуулдаган, дегеле шуулдакты көтөрө албаган , жабык бөлмөдөн корккон бейтаптар үчүн жарым саат жатуу кыйынчылык менен коштолот, ошондуктан МРТга кирээрдин алдында бейтапты атайын психологиялык даярдыктан өткөрүү зарыл. 

Эми  биз жыйынтыктап айтсак, компьютердик томография катуу ткандан турган органдарды, өзгөчө баш сөөгүн, омурткаларды, муундарды жакшы даана көрсөтөт. Бирок анын зыяндуулугун эске алып, рентген нурун  көп пайдаланууга  болбойт. Ал эми МРТ диагностикасы жумшак органдарды, анын ичинен мээни, жүлүндү, ички органдарды даана, замандын талабына ылайык көрсөтөт. Бирок ар бир изилдөө дабагердин сунуштама баракчасы менен  болууга тийиш. Клиникалык дабагердин негизги талабы, аппараттык изилдөөлөрдүн клиникалык белгилерге дал келүүсү болуп эсептелет. Ошондуктан бет келди эле МРТга же компьютердик томографияга жөн жай  кайрылуу жарабайт. Анткени ар бир изилдөөнүн натыйжасына клиникалык дабагер өзү жооптуу.

        Бекбоев Темирбек, невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис дабагер