Бүгүнкү каарманыбыз  кайрыктары кайталангыс мурунку муундагы белгилүү  обончулардын көчүн улап келаткандардын алдыӊкы сабында турганын баса белгилеп кетпесек болбос. Учурда мугалимдик иши менен чыгармачылыкты бирдей алып жүргөн обончу Түмөнбай Колдошов башкалардан жараткан чыгармаларынын тексттеринен тышкары кайрыктарынын элдик колоритке жакындыгы менен өзгөчөлөнүп турат. “Аары деле бир топ гүлдөн азыктанып келип бал топтойт эмеспи. Анын сыӊары чыгармачыл адамдар дагы дүйнөлүк классикадан алып руханий жактан азыктанышы керек”-деп салыштыруу иретинде таамай айткан маектешибиз чыгармачылыгы тууралуу төгүлүп-чачылып төмөндөгүлөрдү айтып берди.

—Түмөнбай мырза, 30-мартта Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук кыргыз драм театрында концерт бердиңиз. Эми  6-7-апрель күндөрү Ошто  чоң программадагы концерт бергени турасыз. Окурмандарга мына ушул концерт боюнча кеңири айтып берсеңиз?

—Бишкекшаарына ушуну менен экинчи ирет концерт бердим. Буйруса, жакшы. Ийгиликтүү өттү.  Биринчи  жеке концертимди 4 жыл мурун бергем. Негизи шоу-бизнестин өзүнүн талаптары бар. Мисалы, рейтингди жоготпой туруш үчүн  квартал сайын жаңы ыр чыгарып, клип тарттырып   турушат.  Мен качан эргүү келсе, ошондо гана обон жаратып, ырдап, андан тышкары мугалимдик ишмердүүлүгүмдү улантып келатам.  Бишкекте биринчи жолу концерт койгондо да бир күн бергем, бул ирет да бир эле күн бердим. Менин максатым эптеп эле концерт берүү эмес. Концерттин канча жүгү көбөйсө, адамда ошончо энергия түгөнөт. Энергия түгөнгөн сайын ырдоонун, жалпы эле концерттин да сапаты анча болбой калуу коркунучу бар. Мен мындайды каалабайм. Менин концертим жан дүйнөнүн концерти болсо дейм. Мен эл алдында эргип ырдап берсем, эл жыргап, ырахат алып угуп олтурса, ошол мага жеткишкендик, ошол мага чоң баа болот. Бул концертте жалаң өзүм жараткан обондорду  менден тышкары: Самара Каримова, Мээрим Карыпова, Аскат Мусабеков, Айпери Кулубаева, Үмүтай Абдышевалар аткарышты.  Эл уга элек жаңы ырларды көп деп айта албайм, бирок жаңы ырлары да жаңырттык.  Ушул эле концертти Кудай буйруса, 6-7-апрелде Ошто коём.

Бир эле күн кичирээк залда концерт берүү кеткен чыгымдарын жаппай калат эмеспи. Демөөрчүлөр, материалдык жактан колдогондор барбы?

—Мен жаңы концерт коюп жатканда, мага: “Концерт эки түрдүү болот. Биринчиси шоу-бизнес, пайда табуу болсо , экинчиси жан-дүйнө, өзүңө ырахат алуу” деп айтышкан эле. Мен башынан эле экинчи түрүн тандап алгам. Менин демөөрчүлөрүм жок. Кандай эле адамга демөөрчү табылат, мен аны билбейм. Ушул убакка чейин демөөрчүлөрүм болгон деле эмес. Мен атайын издегеним деле жок. Издегим деле келбейт. Мен табиятымдан бирөөлөргө  материалдык жактан көз каранды болуп жашагым келбейт. Андай нерсе мага жат. Кээ бирлер арзыбаган акча берип, чоң колко кылышат. Андайлардан Кудай сактасын.   Чынында бүгүнкү учурда концерт өзүн-өзү актабайт. Актаса жакшы болмок. Бирок  актабайт деп, концерт бербей, жазган чыгармаларды элге жеткирбей жүрө берүү да болбойт. Демек, аракетибизди аянбастан кыла беришибиз керек.

Обончулук, талант, өнөр сизге кимден өткөн деген салттуу суроону узатайын…

—Биздин тукумда ырчылар жок болгону менен музыкалык аспаптарда ойногондор бар. Мен аккардеонду таежемден үйрөнгөм. Өз алдымча үйрөнгөндүктөн өзүмдү чоң аккардеончу деп айта албайм. Дале болсо кемчиликтер, өксүктөр кездешет. Мен өзүмдү көбүнчө аткаруучу, обончу катары сезем. Ал эми  обондорумду профессионал ырчылар сындап келатышат.

—Мен билгенден текст менен иштөө маселесинде өзүңүзгө өтө катуу талап коюп келесиз…

—Илгери Токтогул атабыздын: “Жеңижоктун алдына келгенде мен комузчумун, Ниязалынын алдына келгенде мен  акынмын” – деп айтып кеткен жакшы сөзү бар. Анын сыңарындай мен   филологдордун алдына келгенде музыкант болуп, ырчылардын  алдына  келгенде  филологмун.  Негизи бардык поэзияга обон жазылышы керек деген талап жок. Поэзия өзүнүн бийиктигинде жашайт. Обон да өзүнчө бир керемет дүйнө. Чынында бардык ырга обон чыга бербейт. Кээ бир ырлар өзү эле обон сурап турат. Күчтүү обончулар ар дайым мыкты текст издешет. Мен аны көп көрдүм. Айрымдар обонун жазып алып анан текст издешет. Мен анте албайм. Биринчи мааниси терең жазылган ыр издейм. Өзүмө талапты катуу коём. Анткени өзүмдүн билимим боюнча филологмун. Филолог болгон соң жаман текст тандоого акың жок.

-Кээ бир обончулар обондорун санап, тактап айтып калышат. Сиз бул маселеге кандай карайсыз?

—Мен деле саначумун. Гезитке берген маектеримди дайыма топтоп, атама окутам. Атам бир ирет мени урушуп:  “Эл сенин канча обонуңду сүйүп, баалап угат?”- деген суроо салды. Мен: “Так билбейм, 2-3 ырымды жакшы баалашат го”- десем, “Анда болуптур да балам. Мынча деп айтыштын кажети канча? ”- деген. Мен ошондон кийин бул маселеге аяр мамиле кылып калдым десем болот. 2015-жылы   “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”- деген ноталуу китеп чыгаргам. Ал китепке 40 обонум кирген. Чынында ал  жерде ак, карасы аралаш. Эгер мен азыр дагы ошондой китеп чыгара турган болсом, ошол 40 обондун жарымы жаңы китептен орун албай калат деп айтат элем.

Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдердин көчүн улап,  обондоруңузда улуттук колоритти сактап келаткан кийинки обончулардын көч башында өзүңүз турасыз деп тайманбай айтсам жаңылышпайм .  Кийинки обончулардын көбү эле батышты туурап, жеңил-желпиликке басып жасап жатышканын байкап жатабыз. Сиздин устатыңыз ким? Кимден көбүрөөк таасир алдыңыз?

—Туура, обончулар, айрыкча ырчылар башка мамлекеттерди, көбүнчө батышты туурап кетти деген сөздөр бар. Ал жагын байкап жатабыз. Бирок биздин коом ошондой нерсени талап кылып жатат. Мен көп  айтып келатам. Биз ырчылар угармандардын табитин буздук. Аары деле бир топ  гүлдөн азыктанып келип бал топтойт эмеспи. Анын сыӊары чыгармачылыкта обончулар, акындар, жазуучулар, драматургдар дүйнөлүк классикадан  өзүнө жаккан чыгармалардан алып баардыгы руханий жактан азыктанышы керек.  Менде деле чыгармачылыкта тыныгуу болуп калат . Мындай тыныгууну  “сандан сапатка” өтүү катары кабыл алам. Себеби чыгармалар көбөйгөн сайын бири-бирине окшош кайрыктар чыга баштайт экен. Андай учурда тынымсыз издене баштайм. Бирок кээ бир белгилүү композиторлор менен сүйлөшсөм аларда деле илхам качып кеткен учурлар  абдан көп кездешерин, 5 жылга,  10 жылга чейин деле созулуп кете турганын айтышты.  Бирок адам  өзүнө-өзү илхам чакырып  ырахат алып жан дүйнөнү козгой турган  болуш үчүн жакшы кинолорду көрүп, чыгармаларды окуп өзүн  кайрадан тапка келтирсе болот окшойт.   Биздин эми илгертеден келаткан салттуу музыкабыз бар. Ошондой нерселерди эске алыш керек деп ойлойм. Албетте, мен башка ырчылар, обончулар жөнүндө эч нерсе айталбайм. Ал эми устат тууралуу учкай айтайын.  Бүгүнкү күнгө чейин атактуу ырчыбыздын ыралары үйүмдө, иш бөлмөмдө жаңырып турат. Устаттык негизи түз жана кыйыр түрдө болот. Мен туруктуу бирөөнүн этегин кармап шакирт болгонум жок. Мен устат катары Жолболду Алыбаевди, Түгөлбай Казаковду , Эгемберди Талипов сыяктуу инсандарды  сыйлайм.

—Поэзияга терең сүңгүп кирген обончулардын бири сиз болсоңуз керек. Бирок ырчылардын көбү поэзиядан алыс. Бул маселе боюнча эмне айтасыз?

—Кыргыз музыкасынын, кыргыз адабиятынын гүлдөгөн мезгили 1960-80-жылдарга туш келип калды. 1990-жылдардан кийинки муун   мектепте окуп-тарбияланып көкүрөгүбүз бош бойдон жетилдик. Биздин эӊ өкүнүчтүү жерибиз ошол болуп калды деп ойлойм. Бүгүн биздин жан дүйнөбүз бош, сүйлөсөк сөзүбүз супсак болуп жатат. Ошондуктан өзүм филолог болгонум үчүн обондуу ырларымдын тексти менен кайрыктарына жакшылап көӊүл бурамын.  Акыркы учурларда поэзияны окубаган акындар, поэзияны окубаган ырчылар чыкты. Ырчылардын көбү поэзияны окушпайт. Мен дагы ыр жазып жүрчүмүн. Бирок мен поэзияны кеч түшүндүм. Эгер мен чыныгы поэзияны түшүнбөсөм, эмгиче ыр жазып жүрө бермек экенмин. Поэзия деген бул өзүнчө бир бийиктик. Анын баасы, наркы башка. Азыр ырчылардын көбүнөн  акындарды сурасаңыз билишпейт. Мен кайсы бир акындар менен дайыма иштебейм. Кимдин ыры жүрөккө жакын, кандайдыр бир таасир берсе, ошол ырга обон жаратканга аракет кылам. Зайырбек Ажыматовдун 4 ырына, Бктыгүл Чотурованын 2 ырына, Фатима Абдалованын 2 ырына, Алым Токтомушевдин бир ырына  ж.б.  акындардын  ырларына  обон жаздым.

—Эми кеп соңунда мугалимдик, илимпоздук ишиңиз боюнча да кеп кылалы…

Кандидаттыкты жактадыңыз. Докторлукту  жактоого киришип жатасызбы?

—2014-жылы “Кыргыз поэзиясындагы элегия жанрынын калыптанышы жана өнүгүшү”- деген темада кандидаттык ишимди жактагам. Алдыда:  “Кыргыз обондуу  ырларынын  поэтикасы: өнүгүү эволюциясы жана тематикасы. 1960- 2000-жылдар ”- деген темадагы докторлук ишимди бекиттик.  Илимий жетекчим академик Абдылдажан Акматалиев. Бизде бул багыттан алганда баары эле изилденип бүтүптүр. Бирок ушул мен тандаган тема изилдене элек экен. Мен өзүмдү обончу катары канчалык салмагым, деңгээлим бар экенин билбейм. Бирок илим боюнча, өзүмдүн кесибим боюнча да терең  изденип иштешим керек.

Суроо салган : Айбек ШАМШЫКЕЕВ