ИИМдин  Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы А. Токтоналиев

—Азамат мырза, алгач окурмандарга өлкөбүздөгү криминалдык абал тууралуу жалпы маалымат берсеӊиз?

Өлкөдө криминалдык абал стабилдүү эле. Эч кандай криминалдык топтордун үстөмдүгү жок. Баары биздин катуу көзөмөлүбүздө турат. Анын үстүнө азыр бири-бири менен тирешкен уюшкан кылмыштуу топтор  да жок. Мунун да себеби бар. 2005-2006-жылдардан тартып 2010-жылга чейин Рыспек  Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин балдары бири-бирин издешип, бир топ тирешүүлөр, ар кандай криминалдык окуялар катталган. Азыркы учурда Рыспек Акматбаевдин крим чөйрөгө таасир бере турган балдары жокко эсе. Бирок  Акматбаевдин бүгүнкү күндө оор кылмыштарга эл аралык издөөгө алынган 3-4 баласы бар. Алар биздин өлкөдө эмес, башка өлкөлөрдө жашырынып жүрүшөт.

—Рыспектин ишин, идеясын улаткан Максат Абакиров (каймана аты “Водолаз”) сыяктуу тыӊ чыкмалары бар да. Аларды  такыр эле сызып салганда болбойт го…

—Абакиров Максатка карата тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Ачык айтканда, бизге да келип өз сөзүн берген болчу. 4-5 жыл мурун Максаттын баш көтөргөн тыӊыраак балдары бар болчу. Бирок акыркы жылдары  Абакировдун айрым балдары Улан Токтосуновдун (каймана аты “Сакал”) тобуна кошулуп кетишкен.

Буга чейин Кыргызстанда 4 чоӊ уюшкан кылмыштуу топ бар экени айтылып келген. Сиз азыр, Акматбаевдин балдары Абакиров баштагандардын крим чөйрөдө таасир жок экенин баса белгилеп жатасыз. Башкалар боюнча кененирээк айтып берсеӊиз?

Туура. Ошондой маалыматтар айтылып келген.  Алар: Камчы Көлбаев, Алмаз Бокушев, Азис Батукаев, Максат Абакиров. Абакировдун бүгүнкү күндөгү абалын айттык. Ал азыр мурункудай активдүү эмес. Кандайдыр бир иштерге аралашкан жок. Өзүнүн кичи мекени Ысык-Көлдөгү Комсомол айылынан эки жакка көп деле чыкпайт. Көбүнчө чарбачылык менен алектенип, айылында болот. Бишкекке бир айда бир же эки ирет келип калат. Айрым учурда бир айлап жүрөт. Жанында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеге алынган балдар жок. Өзүнүн өспүрүм баласын спорттук турнирлерге катыштырып калат. Кыскасы, өзүбүзгө кандай маалымат керек болсо, баары бизде бар.

—Абакировдун айрым балдары “Сакалдын” тобуна кошулуп кетти деп жатпайсызбы. Негизи “Сакал”  Батукаевдин таасиринде экени айтылып келет. Бул чын маалыматпы, же башканын таасириндеби?

—Ал башынан эле Алмаз Бокушевдин  таасиринде болуп келген. Бокушев болсо өзүн крим чөйрөгө аралашпай турганын, мындан ары спортту колдоп, ошол чөйрө менен алектене турганын айтып кеткенине бир канча жыл болуп кетти. Бокушевдин балдарынын арасынан бирөөсү өз алдынча, өз карашы менен лидер болуп чыккан. Бирок аны Бокушевдин ишин улантуучу деп айта албайбыз. Аны Батукаевдин таасиринде деп айтылган сөздөр иш жүзүндө аныкталбагандан кийин, аны тастыктап айта албайбыз.

—Батукаевдин Кыргызстандагы крим чөйрөдө аздыр-көптүр таасири барбы?  Акыркы учурларда ал Москвада башка криминалдар менен базар талашып,өз таасирин арттыруу аракетин көрүп жатканы боюнча да маалыматтар чыгып келет…

—Батукаевдин Кыргызстанда эч кандай таасири жок. Балким аны менен чогуу олтуруп калган, аны менен чогуу жүрүп калгандар, аны сыйлап, ар кандай кептерди таратып жүрүшү мүмкүн. Бирок иш жүзүндө баса белгилеп айта турган эч нерсеси жок. Ал Кыргызстандан чыгарылып кеткенден кийин, өз өлкөсүндө  мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү үчүн полиция тарабынан кармалып, жатак –абагына соттолгон. Ал кылмыш жазасы бүтө электе, жол кырсыгы боюнча да кылмышка шектелип, дагы соттолгон. Ал 2021-жылдын аягында гана эркиндикке чыгышы мүмкүн. Ал эми Москвада базар талашты деген маалымат 2 жыл мурунку маалымат. Чынында азербайжандык балдар  менен чыр болуп, өзүн көрсөтүүгө аракет кылганы боюнча маалыматтар чыккан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы крим чөйрөдө Камчы Көлбаевдин алдына чыккан эч ким жок. Таасирин бир топ өстүрүп алды. Акыркы учурда чоӊ бизнесменге да айланып кеткени боюнча көп сөздөр бар. Сиз Көлбаев боюнча кенен, ачык маалыматтарды айтып берсеӊиз?

—Деги эле Көлбаев болобу, башка болобу, жалпысынан алганда криминал маселеси боюнча айтыла турган, айтылбай турган маалыматтар болот. Камчы Көлбаевдин акыркы учурда кайсы бир криминалдык иштерге катышкандыгы байкалган жок. Силер айткандай, өзүнүн ишенимдүү балдары менен “Этно городок” куруп, ушул багытта иш алып барып жүрөт. Учурда   уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды деген маалыматтар ЖМКларга чыгып калганда, эл анын баарын эле Көлбаевдин балдары деп ойлоп калып жатат. Биз криминалдык абал күчөбөсүн, таасирдүү болбосун деп биз алдын-ала иш-чараларды көп жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө Көлбаевдин атынан арыз жазгандар жок.

(уландысы бар)

Маектешкен Айбек Шамшыкеев