—Нургазы мырза, алгач окурмандарга сиз жетектеген ишкананын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берсеӊиз? Жаз да келди. Быйыл кышкы мезгилде кыйынчылыктар жаралган жокпу?

—Президентибиздин “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген указынын алкагында, аймактарды жылуулук кубаттуулук менен камсыз кылуу, ишканалардын иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорлуатуу жана алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн биздин ишкана чакан жана орто шаарларды 2018-2023-жылдарга өнүктүрүү программасын иштеп чыккан. Бул жумуштарды ишке ашыруу максатында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 2018-жылдын март айында (№01-7/116 буйругунун негизинде) “2018-2023- жылдарга орто жана кичи шаарларды өнүктүрүү планы” бекитилген.
Жалпысынан айтканда “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын отканалары алты облустун аймактарында жайгашкан. Республиканын региондорундагы Чүй облусунда 41, Нарын облусунда 23, Ысык-Көл облусунда 31, Талас облусунда 4, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 26, жалпысынан алганда 131 откана бар. Анын ичинде жылуулук менен камсыздоочу 410 отказан иштейт. Жылуулук өтүүчү жер астынан жана жер үстүнөн өткөн инженердик түйүндөрдүн узундугу 343,43 чакырымды түзөт. Жогоруда айтып өткөн 131 откананын: 19у газ, 27си кара май мазут, 53ү таш көмүр, 32си электр энергиясы менен иштейт. Биз 2018-жылдын 1-октябрына карата жалпы 131 отканаларда оңдоп-түзөтүү иштери толук жүргүзүлгөн. Мындайча айтканда жылуулук берүүгө 100 пайызга даярдаганбыз. Даярдык жакшы болгон үчүн быйыл кыштан кыйынчылыктар жок жакшы чыктык. Анын үстүнө быйылкы кышыбыз да жеӊил болбодубу. Бүгүнкү күнгө карата Ош, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларында от жагуу ийгиликтүү аяктады.


—Кокусунан кыш мезгилинде газ, электр энергиялары иштебей токтоп калган учурда үзгүлтүксүз жылуулукту берүүгө варианттар барбы? Сиз айткан 131 откананын иштөө жөндөмдүүлүгү талапка жооп береби?
—Айта кетүүчү нерсе газ, же электр энергиясы берилбей токтоп калса, отканаларда отундун башка түрү менен иштөөчү отказандар көрөңгүдө ар дайым турат жана иштөөгө даяр. Чынында “Кыргызжылуулукэнергосуна” тиешелүү отканалар өткөн кылымдын 60-70-жылдарында курулган. Бул отканаларды ар жылга жарым жартылай жана толук оңдоп-түзөтүү иштери жүргүзүлөт. 2012-жылдан баштап 86 жаңы отказандарга алмаштырдык, бул жасалган иштин 21 пайызын түзөт. Мындан сырткары жыл сайын 20 чакырым жылуулук өтүүчү түйүндөрдө оңдоп-түзөтүү иштери жүргүзүлүп турат. Отканалардын эскилиги жеткендиктен улам иштөө жөндөмдүүлүгү 25 пайызга төмөнүрөөк болуп жатат, натыйжада жылуулук кубаттуулукту 70-80 пайыздын ордуна, 55-65 пайыз гана иштеп чыгарып жатат.
—Эми бул көйгөйдү кантип чечесиздер?
—Бул көйгөйдү чечүү үчүн 2018-2023-жылдар ичинде “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын өнүгүү программасынын негизинде тармактарды реформалоо, эски жабдыктарды жаңы жабдыктарга алмаштыруу, инженердик түйүндөрдү алмаштыруу жана иштеп чыккан 1 Гкалдын өздүк наркын төмөндөтүү, жылуулук кубаттуулукту эсептөөнү автоматташтыруу сыяктуу иштерди жасоо пландалууда.
—Өлкөнүн аймактарындагы жылуулук берүүчү филиалдарда канча адам эмгектенет?
—“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдарында күз-кыш мезгилинде жалпысынан 2782 айланасында жумушчу эмгектенет, ал эми жылуулук кубаттуулугу токтотулгандан кийин 2025 адам эмгектенет.

—Оңдоп-түзөө иштерине канча каражат жумшалат?
—2018-2019-жылдарда калкты жылуулук кубаттуулугу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн 2018-жылдагы ишкананын карамагындагы филиалдарынын отканаларында толугу менен оңдоп-түзөтүү иштерине жалпысынан 94689,85 миң сом каралган. Мунун ичинде жабдыктарды оңдоп-түзөтүү иштерине 74382,9 миң сом жумшалды, жер алдындагы 335,76 чакырым жерге жылуулук өтүүчү түтүктөр 25550,8 миң сомго тартылды жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
Отун даярдоо тууралуу жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга таш көмүр, кара май (мазут) сатып алып даярдоо иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана аны ташып жеткирүү боюнча мерчеминин негизинде жүргүзүлдү.
—Жылуулук колдонуучу абоненттердин саны көбөйүп жатабы?
—Жылуулук пайдалануучулар тууралуу айтсак “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын отканаларына жалпысынан кошулган абоненттердин саны 43090 абоненттен ашык. Алардын ичинде бюджеттик ишканалар 261,окуу жайлар 87, бала-бакчалар 39, башка бюджеттик уюмдар 135 жана коммерциялык ишканалардын саны 472ни түзөт. Быйылкы жылы Нарын шаарында 200 абонент, Жалал-Абад шаарында 400дөн ашык, Каракол шаарында 100, Талас шаарында 80 абонент жылуулук тармагына кошулду. Бул биздин ишкана үчүн жакшы жетишкендик.
Откананы электроэнергиядан көмүр отун энергиясына которуу мамлекеттик субсидиянын азаюусун 30,5%га жана пландаштырылган үнөмдөө эффективдүүлүгүн 5664,32 миң.сомго чейин түзөт.

—Абоненттер тиешелүү төлөмдү учурунда төлөп жатышабы? Бул маселеде көйгөйлөр жаралаган жокпу?
—Тилекке каршы калктын 10 пайызга жакыны жылуулук энергияга төлөө жөндөмдүүлүктөрү төмөн. Буга бирден бир миграция, жумушсуздук себеп деп ойлойбуз. Себеби, көп кабаттуу үйлөрдө көптөгөн батирлер бош турат, алардын ээлери акча табуу максатында Кыргызстандан чыгып кетишкендер.
Жылуулукка болгон төлөмдөрдү өз убагында топтоодо тишелүү иш-чаралар аткарылып турат. Төлөмдү убагында төлөшпөгөн абоненттер менен биз соттошууга аргасыз болуп жатабыз. Буга бир милса айта кетейин, биз акыркы убактарда сотко жети жүзгө жакын доо арыз жазып, жыйынтыгында аларды соттон утуп алдык.


2018-2023-жылдарга жылуулук менен камсыздоо тармагын өнүктүрүү программасы тууралуу учкай маалымат берсеңиз?
—Келтирилген талдоолордун негизинде энергия эффективдүүлүгүнө жетиш үчүн жана уделдик норманы азайтуу үчүн, отканалардын өндүрүүмдүлүгүн (КПД) жогорулатуу үчүн жалпысынан от казандар жана жылуулук магистралдары жаңыланыш керек.
Негизгилерин учкай айтайын. Программаны ишке ашырууда төмөндөгү пландар камсыз кылынат: республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты үнөмдүү пайдалануу, кардарларды жогорку деңгээлде тейлөө жана кызмат көрсөтүү, отканалардагы от казандарды жаңы технологиядагы заманбап отказандарга жана жабдыктарга алмаштыруу, жер астындагы инженердик курулуштарга курулган жылуулук кубаттуулук өтүүчү суу түтүктөрдү жаңыртуу, жылуулук кубаттуулукту иштеп чыгарып жаткан учурда тобокелчиликтен арылуу, жылуулук колдонуучулардын санын көбөйтүү, башкаруу түзүмүн жана штаттык ченемдерди оптималдаштыруу.


“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы күз-кыш мезгилинде жылуулук энергиясын колдонуучуларга жакшы шарт түзүп, үзгүлтүксүз жылуулукту камсыз кылуу менен кардарларга жагымдуу маанай кааламакчымын.
Мындан башка да ишке ашыра турган көптөгөн иш-чараларыбыз бар.
Ишканадагы мыйзам бузууларга, коррупциялык көрүнүштөргө өз алдыңарча да күрөш жүргүзөсүздөр да. Мына ушул маселе боюнча кыскача айта кетсеңиз?
—Бул маселеге биз катуу көзөмөл кылып, өзүбүздүн тыкыр текшерүүлөрүбүздү жүргүзүп турабыз. Эсептөө палатасы биздин ишмердүүлүктү дайыма эле текшерип турат. Аталган мекеме текшерүү жыйынтыгы боюнча биздин ишканада мыйзам бузуулар болбогондугу аныкталды. Ал эми өз милдетин так аткарбагандарга карата да катуу чара көрүлүп, эскертүүлөр болуп берилип турат. 2018-2019-жылдарга карата бул маселе боюнча жалпысынан 11 тиешелүү буйрук чыгып, 21 адам ар кандай кызматтык жоопторго (эскертүү, сөгүш ж.б.) тартылды.

Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ