Белгилүү спортчу Дарья Маслова Ташкентте өткөн  Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду.  Бул майрам Ноорузга  арналып өткөрүлүп, жалпысынан 2500дөн ашуун спортчу катышкан. Биздин мекендешибиз  21 чакырым 97 метр аралыктагы жарым марафондо алдыга сурулуп чыгып, алтын медалдан тышкары 12 миллион сум өлчөмүндөгү байге  алган. Маслова 21 чакырымдан ашкан аралыкты  1 саат 12 мүнөт 30 секундда чуркап өткөн.