—Омор ага, эми кеп соңунда маданият тууралуу сүйлөшөлү. Акыркы учурда бийликтен да, жалпы элден да маданиятка көңүл бөлүү аз болуп калды.     Сизди бул маселе сөзсүз түрдө толгонтпой койбойт да. Ушул маселе боюнча оюңузду ортого салыңыз…

          Чынында адабият, маданият дегенибиз баладай эле. Балага кандай мамиле кылса өсөт, өнүгөт. Муну билебиз да. Адабият деле ошол баладай. Искусство деле балага окшош. Илгертен маданиятты өнүктүрүүгө эч нерсе аяшкан эмес. Мамиле эң жогорку деңгээлде болгон. Бизде эгемендүүлүк алгандан кийин жалпы маданиятка мамиле бузулду да. Акаев башында жазуучуларга жардам берип турду. Бирок көпкө созбоду да. Көп өтпөй Роосияны туурап, жазуучуларды бюджеттен чыгарып койду. Бул туура эмес болуп калды. Чыгарбаш керек эле. Себеби, биздин адабият жаш да. Колдоп,  коштоп, болушунча көңүл бурулуп турушу керек. Баарынан жогорусу адабият да. Адабиятка мындай мамиле болбошу керек эле. Сүрөт да, кино да өзүнчө индустрия экен. Кино  багыты азыр эптеп бир нерсе кылып жатат. Бирок анча эмес. Адабиятты туура сын дагы жакшы өстүрүүгө өбөлгө түзмөк. Тилекке каршы, кийинки жылдары сын жок болуп калды. Акыркы жейрендей болуп азыр сынчылардан жалгыз Кадыркул Даутов эле калды. Эми ал да карып калды да. Казактар болсо башка жол менен кетти. Назарбаев кыйын да. Ал баарын өз-өз жолу менен койгонго шарт  түздү.

—Кийинки акын-жазуучулардын чыгармаларын окуп калып жатасызбы? Купулуңузга толуп жаткан чыгармалар көп эле болуп жатабы?

 —Окуп калып жатам. Бирок жакшы чыгармалар чыкпай жатат, чыкса да элге жетпей жатат да. Акындардан деле, жазуучулар суурулуп  чыккандарды байкабай жатам. Жакшы жазып жаткандар бардыр. Балким мен алардын чыгармаларын окуй электирмин. Негизи кыргыз адабиятынан мыктылар чыгып келген, дагы эле чыгат деген ишеничтемин.  Мен илгери Темиркул Үмөталиев менен Кубанычбек Маликовдун поэзиясын сындап жазган ырымды телевидение тартып жатканда окугам. Эки сабын айтайын: “Окусам кускум келет. Акындар кечиргиле. Ырларыңар окшошот, совхоздун ак койлорундай бири-бирине”.  Мени кайра сынга алып, өлтүрүп коё жаздашкан. Бирок ушундай курч сын жаштарды ойготот экен. Жаштар азыркы турмушту кемелине келтирип жазышы керек эле. Тилекке каршы, жакшы жаза албай жатышат го. Изденүү болбосо, жакшы чыгарма болбойт да…

 —Сиз өзүңүз ушул тапта кандай чыгарма жазып жатасыз?

 —Мен эми акырындан ырларды жазып жатам. Карылык деген карылык да. Мурункудай шайдоот боло албай каласың. Чыгармаларымдын томдуктарын чыгаргам. Андан кийин эки жыл болуп калды го,  “Адамдын турмушу”  деген ыр менен көлөмдүү роман жаздым. Андан тышкары даректүү роман жазып жатам. Аны баштаганыма көп жыл болуп калды. Анча-мынча үзүндүсү “Поэзия жолунда” деген аталыш менен “Ала-Тоо” журналына да чыккан. Чынында менин өткөн өмүрдөн жазып калтыра турган бай мурасым бар деп ойлойм. Узак жылдар бою кыргыздын залкарлары менен үзөӊгүлөш, кесиптеш болдум. Ошондой эле адабият, маданият жаатында   бир топ дүйнөлүк классиктер менен мамилелеш болдум. Эми ошолордун кызыктуу учурларын жазып жатам.

Суроо салган,                                          

Айбек ШАМШЫКЕЕВ