—Илгертеден кыргыз эли нарктуу карыялардын акылына таянып келген да. Кийин илим-билим өнүгүп цивилизация заманы болгону элита деп калбадыкпы. Ошол элитабыз сиз айткан маселелерди айталбай жалтактап жатат го? Айрымдар “дүжүр чал” болуп кетишти.

 —Мен чындыкты айтканга аракет кылып келаткан адаммын. Мен  өлкөдөгү айрым чоӊ көйгөйлөрдү айтуу үчүн бийликте иштеген, маселе чечет делген жетекчилерге  кирейин деп аракет кылдым.  Телефондорун да бербей катып коюшат экен. Бул эмне деген шумдук? Мисалы, мен бир вице-премьерге кире турган болсом анын кабыл алганга убактысы жок экенин айтып коюшат. А мен киргенде эмнени айтат элем? Катчы кыз: “Эмне маселе менен кирейин дедиӊиз эле?” деп сурайт. “Мен маселе тууралуу айтсам сен телефонду көпкө кармайсыӊ. Анын эмне экенин сен билбей да каласыӊ” деп айтам. Азыр жетекчилер карапайым элдин үнүн угуза турган адамдарга жолуккандан качат экен. Мен эки-үч депутатка кайрылдым. Депутат деген элдин өкүлү да.  Вицеден баштап, министр, директорлор да чындыкты угуудан коркушабы, айтор катуу айткандарды кабыл алышпайт экен. Өздөрүнө кошомат кылгандар, жактагандар болсо аларды кабылдап, жымыӊдап турушат. Бул жакшы эмес да. Кыскасы, элди жыргатат деген эрендер ушинтип элден качып калгандан кийин, калганына эмне дейин? Сен айткан башкалар  эмнеге унчукпай жаткандарынын себептерин деле билбейм. Балким аларга кереги жоктур. Ал байкуштар саясатчы эмес да. Мисалы, учурунда депутат болуп жүргөн медик аксакалдар бар. Алар чарчады окшойт… Алардын арасында бала-чакасынын келечеги үчүн байлык топтоп койгондор да бар да. Ошон үчүн аларда “тынч өлөйүн” деген эле ой бар болуш керек деп ойлойм. Балким мен жаӊылышып алышым мүмкүн.

 “Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактабасак, келечек үчүн жакшы болбойт”

Сиз Ысык-Көлдү сактоо маселеси боюнча курч макалаларды жазып, өз оюӊузду ортого салып келесиз. Бийлик бул маселеге жетиштүү деӊгээлде көӊүл бурбай жатат. Барган сайын ыйык көлдүн касиетин качырып жаткандайбыз…

 —Туура айтасыӊ. Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактоо маселеси  талаптагыдай болбой жатканы келечек үчүн жакшы иш эмес. Мындай темп менен кете берсе, арты жакшы болбойт. Көп жыл мурун Чыӊгыз Төрөкулович Бельгиядан келген учурда мен Ысык-Көлдүн абалын божурап, аркар-кулжаларды абдан көп атып жатышканын кеп кылдым да, “ушул маселеге киришип, жаратылышты, Ысык-Көлдү коргойлу”- деп кеп салдым. Анда Чыкем мага: “Ай ушу сен жалаӊ эле Көл дебей, жалпы Кыргызстанды камтып, анан иш баштасаӊчы” – деп калды. Мен ага республика боюнча болгондо ишти алдыга жылдыруу үчүн  чоӊ күч керек экенин, антпесе чаржайыт болуп кала турганын түшүндүрүп, анан аз-аздан ишти баштаганбыз. Ушул жаратылыш маселесин бийлик тереӊ түшүнсө, тоону, сууну, Ысык-Көлдү талапка ылайык сактап, жакшы кам көрүп турса, анда мамлекет казынасы жалаӊ эле туристтерден кампайып турмак. Биздин мамлекет эмне деген гана жер! Түндүгү да, түштүгү да, төрт мезгили да,  толгон-токой байлыктары да бар. Абасы, жаратылышы керемет.  Мына ушундай асыл мекенибиздин баркына толук жете албай жатабыз. Биз билебиз, илгеркилер Ысык-Көлгө жалынып, керек болсо бутун малчу эмес экен. Көлдүн тегерегине пансионаттан тышкары ар кандай имараттарды салып кереги жок. Ал курулуштун да чеги болушу керек да. Чынында Ысык-Көл Кумтөрдөн да чоӊ пайда берет. Кумтөрдүн алтыны ашып кетсе, он жылда түгөнөт. Ысык-Көл болсо түгөнбөйт. Бирок түгөнбөйт деп ага кайдыгер мамиле жасабашыбыз керек. Экологиясын сактабайбыз. Керек болсо, жайкысын эс алган адамдар үчүн даараткана жок. Ошол кантип болсун. Көлгө түшкөндөр, айрыкча жаштар жаман булгап жатышпайбы.

Кийинки жаштар үчүн айтып коёюн. Ысык-Көлдүн өзүнүн  бир топ балыктары кыргызча аты менен  жашап келген. Акыркы мезгилде орустар ал балыктардын кыргызча атын өчүрүп, өз тилине оодарып алышыптыр. Мисалы, Сазан деген балыктын кыргызчасы “каӊылтыр” болгон. “Челингир” деген балыкты –маринка деп атап алышкан. Карп деген балыкты жалпак балык дечү. “Алабуга” деген балык бар. Аны мен илгери биринчи жолу  Кремлде жегем. Аны мага Ысык-Көлдүн балыгы “асман” деп берип жатышпайбы. Көрсө ЦКда иштегендер ушул жактан алдырып жешчү экен да. “Көлтүркү” дегенди “чебак” деп алышкан. Мына ушулардын баарын  жырткыч балыктарды коё берип, жедирип азайтышты. Балык боюнча атайын адистер деле бул маселени жеткиликтүү айтып чыга алышпай жатат. Бирок ал адистер  жырткыч балыктарды жоготсо болот дешти. Анын жолу бар экен. Мен эми ушул маселе боюнча жакында Айыл чарба министрлигине барып, түшүндүрүп айтайын деп жатам. Дагы бир маселе,  тоо-жаныбарларын коргойлу, мораторий кылалы десе ошого каршы чыккан депутаттар да бар экен. Мына биздин жаратылышка, тоо жаныбарларына каршы чыккандардын жүзү.

   Баарлашкан Айбек ШАМШЫКЕЕВ