«Habertürk» гезитинин маалыматына ылайык, 17-мартта Түркиянын Измир шаарында түрк жаранынын машинасын белгисиз бирөөлөр аткылап, машинеде отурган кыргызстандык кызга ок тийген. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Эге университетинин ооруканасындагы хирургия бөлүмү кызга операция жасалган, учурда  реанимацияда оор абалда.

Измир шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, кылмышкерлер изделүүдө.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат.