Орусиянын  ЖМКлары Иркутск областында Кытайдын жаранын өлтүргөнгө шектелип кармалган кыргызстандык тууралуу  маалымат таратты.  Видеодо кыргызстандык дүкөндөн балаклава (баш кийим) жана желим кол кап сатып алып жатканын көрүүгө болот. Кылмышка шектелип кармалган  адам 24 жаштагы Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Ал  жумуш берүүчү кытай кожоюну аны мыйзамсыз иштен айдаганын жана айлыгынын бир бөлүгүн бербей койгонун билдирген. Кыргыз жигит кытайды темир менен башка чапкан. Бирок кыргыз жигит өзүнө коюлган айыпты четке каккан.