Кечээ күнү түштө башталган Баткендеги тажик-кыргыз ортосунда чек ара чыры азырынча толук басыла элек. Акыркы сааттарга алынган маалыматтар боюнча Кыргыз-тажик чек арасында Рафоуддин Тешаев аттуу дагы бир тажик жараны каза болгонун тажик ЖМКлары жазып чыгышты. Ага атылган ок көкүрөгүнө тийип, дароо мүрт кеткендиги айтылууда. Азырынча ал кайсып тараптан атылган октон улам каза тапканы тактала элек. Кечээ күнү болсо  Чек ара кызматы 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажикстандык жаран октон мерт болгонун кабарлаган. Кыргыз тараптан да  жарадарлар бар. ал эми бүгүн милиция кызматкери жаркат алып, ооруканага түштү.  Тажик тарап расмий билдирүү таратып, анда «Кыргызстан Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун өкмөт аралык протоколду бузуу менен куруп баштаганы» айтылган.

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады. Ага чейин өкмөт башчы да тажик өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

Береги тасма чыр-чатакта тартылган тасма экенин эсиӊиздерге салабыз: