Тамеки чегүү заманыбыздагы өтө кеңири таралган зыяндуу адаттардын бири. Бирок ошону эске албай канча адамга зыян келип, өмүрүн алып жатканы көбүбүздү түйшөлтүп келет. Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, тамекинин зыяндуулугун билсек деле көптөгөн мамлекет аралык чоң фирмалар, концерндер тамеки чыгаргандан байышып, адамдын ден-соолугун талкалагандан туйтунуп жатышат. Алардын жасаган рекламасы мезгилдин шартына жараша өзгөрүп, замандын талабына ылайыкташып келет.

Тамекидей болуп адамдын ден-соолугуна акырындап зыян келтирген, биздин ар бирибиздин үй-бүлө мүчөлөрүбүздү жабыркаткан “уулу зат”  аз болсо керек. Убагында тамекини  Европага алып келген алгачкы саякатчылар, илгерки индеецтердин ушундай зыяндуу чөптөрү бүт дүйнөгө тарайт деп  түшүнө кирбеген чыгаар…  Ар бир адамдын чөнтөгүндөгү тамеки анын тапкан тыйынына зыян алып келип  тим болбостон, деги эле жакпасын билип туруп  чегиле бере  турган бул  өсүмдүк эмнеси менен баалуу болуп, кандайча адамдын канына сиңип калаарын бир аз талдап көрөлүчү.

Эң кызык жери, азыр тамеки тарткан өспүрүм жаштардан баштап, келбеттүү кыздарыбызга чейин тамекини чычайта оозуна кармап  түтөткөнү одоно көрүнүп, ичибизден капа болуудан башка аргабыз жок баш чайкайбыз. Негизинен башында өспүрүмдөрдүн тамекиге болгон тартылуусу чоңдорду тууроодон улам калыптанат. Тамеки чегүүнүнүн адатка айланып кетишине, андагы күчтүү таасир этүүчү зат – никотиндин мээни  дүүлүктүрүүчү касиетке ээ экендиги түрткү берет.

Никотин жөнүндө айта турган болсок, тамекиде жана кээ бир башка өсүмдүктөрдө болуучу алкалоид. Тамеки тартканда бул таасирдүү уу организмге сиңет, борбордук нерв системасын жана четки нерв системаны козгойт. Кан басымын жогорулатат, майда кан тамырларды тарытат, дем алууну тездетет, тамак сиңирүү безинин секрециясын күчөтүп, кебете-кешпирди начарлатат. Тамекини көп тартканда никотинизм деген дартка дуушарлантат. Мындайда адамдын акыл-эс, ишке жөндөмдүүлүгү начарлайт. Эндартрит деп аталчу колу-буттун кан тамырларынын ичкерүүсү пайда болот. Ичеги-карындын жара оорусу же гастрит, гипертония оорусу пайда болуп, жүрөктүн кан тамырын кысат.

Адамдын тамекиге  көнүп кетишине анын дүүлүктүрүүчү күчү мээсин сергитип, интеллектуалдуу активдүүлүгүн стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын бошотот. Нерв системасынын сергитүүгө жетишүү үчүн тамекиге көнө баштаган адам ден-соолугуна зыяндуулугуна карабастан тамекини көп чеге баштайт. Адам кайгырганда, кандайдыр бир кырсыкка учураганда, психологиялык кыйын абалда көңүлүн жайгарыш үчүн тамекини үзгүлтүксүз чегүүгө өтөт. Кээ бирөөнүн айтымына караганда 1,5 куту же 2 кутуга чейин чегилип кеткен учурлар болот. Мындайда адам никотинге уулана башташы мүмкүн. Башы ооруп, оозу кургап, уйкусу бузулуп, ууланган инсан өзүн жаман сезе баштайт.

Бара-бара тамекини узак убакытка чегүүдөн адам никотинге көнүп калат. Мындайлардын тамеки чекпей калса же аз чексе абалы начарлап кыйналганы байкалат.

Тамекинин никотинден бөлөк кошулма  заттары дагы өпкөнүн “альвеол”  деп аталчу майда бөлүкчөлөрүнө киргенде өзүнүн дүлүктүрүүчү касиетинен бөлөк канцерогендик касиетке ээ болот. Тамекинин чайыры зыяндуу химикалык микроэлементтерден туруп, анын таасиринен өпкөнүн рак оорусу пайда болгонун врачтардын тажрыйбасында көп эле көрүп жүрөбүз. Тамекини алгачкы тартып көргөн  адамга сезилгени –тамакты кычыштырып, жөтөл менен коштолуп, башты айлантат. Мындайда жаңы чеккен адамдын  алы кетип, көзүнүн көрүүсү тумандап, кан басымы төмөн түшүп, жүрөгү дүкүлдөп, тамакка табити жоголот.

Убакыт өткөн сайын никотинге көнө баштаганда адамдын ага болгон психикалык жана физикалык көз карандылыгы байкалат. Кичине эле убакыт боло калганда тышка чыгып, тамеки чегүү адамды жеңилдеткендей сезилгени менен тескерисинче күндүн аягында адамды алсыратат. Бирок көнгөн адам тамеки чекпей калса, буулугуп, психикалык, физикалык дискомфортту пайда кылган абстиненттик синдромго туштугат. Мындайда кишинин  кыжыры кайнап, көңүлү бир жерге токтолбой, алы кетип, башы ооруп, жүрөк тушу ооруп, көңүлү мурдагыдай болбой калат. Ошондуктан тамеки чеккендер, тамекиси азайганда же жок болуп калганда жанындагы үй-бүлө мүчөлөрүн тамеки таап кел деп кыйнай берет.

Тамекини калк арасында жайылта турган факторлордун бири чоң-чоң тамеки чыгаруучу фирмалардын адамды тамеки чектирүүгө үндөп келе жаткандыгы. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки 1950-жылдары  чыккан, батыш өлкөлөрүндөгү тамекиге каршы үгүт иштери тамекинин зыяндуулугунан пайда болгон өпкөнүн рак оорусун далилдей баштаганда  тамеки чыгарган фирмалар бөлөк багытта иштеп, фильтрленген тамекини чыгара баштаган. Бирок мындай багыт  деле тамекинин зыяндуулугун азайта алган жок. Демократиялык агым менен кыргыз өлкөсүндө киргизилген тамекиге каршы рекламада тамекинин зыяндуулугун көрсөткөн сүрөттөр адамдын жан дүйнөсүнө сиңип, тамекиден арылтты деп айтуу али эрте. Канчалык тамекинин зыяндуулугун билгенибиз менен тамеки чыгаруучу ишканалар ошончолук мезгилдин шартына ылайык, ар түрдүү тамекилерди ойлоп чыгарып жатышат. Бири түстүү болсо, бири ичке, бири кыздардын көңүлүнө төп келсе, бири никотини жок  тамеки, бирок баары бир тамекинин формасын канча өзгөртпөйлү, зыяндуулугу андан азайган жок.

Эми дарыгерлердин тамекиге каршы көз карашын эске алсак, көптөгөн кыйналып келген бейтаптардын ичинен жүрөгү ооруп, инфаркт болгондо, ашказандары ооруп, жаратка айланганда, өнөкөт жөтөлдөн ларинго-фарингитке кабылганда, пневмосклероз менен өпкөнүн эмфиземасынан адам дем ала албай,  көгөруп кеткенде тамекинин зыянын далилдегенибиз менен, үнүбүз дале бийик чыкпагандай сезилет.

Батыштын өнүккөн өлкөлөрүндөгү маалыматтардан, Россияда деле тамекинин айынан өпкөсүнөн рак болуп  тиги дүйнөгө кетип жаткандардын саны азайбастан көбөйүп жатат. Эми өзүбүздүн эле мисалга келсек, 1997-жылдары Каракол шаарында иш-сапарда жүргөндө бир врачтын агасы кайрылып калды. Тамекинин айынан эндартриит деген буттун кан тамырларын тарытып жибере турган татаал дарттан бир буту кесилиптир. Эми экинчи бутун сактап калуу үчүн кайрылган бейтаптан сурасам, тамеки чегүүсүн дале улантып жатыптыр. Экинчи буту кесилгени жатса дагы тамекини ташташы кыйын экендигин билдирип жатты. Бирок тамеки таштамайын экинчи буту кесилээрин, ал өтө жакын калганын айтып жатып, араң тамекини таштатканыбыз эсимде. Дагы бир жигит мындан 5-7 жыл мурда дарыланып жүрүп, жогорудагыдай кан тамырдын эндартрит оорусу менен бир бутунун манжаларын кестириптир. Бирок комплексттик дарылоо аркылуу бул жигит бир нече жолу дарыланып, тамекисин таштап, бутунун кан тамырларын мурдагыдай баштапка калыбына келтирди.

Тамекинин дагы коркунучтуулугунун  бири кош бойлуу аялдарга болгон зыяндуу таасири. Эми энеге болгон зыяндуу таасирди эске албаганда деле, өсүп келе жаткан түйүлдүкккө болгон анын  тескери таасири баланын өсүүсүнө кескин зыянын тийгизет. Тамеки тартып, эмчек эмизсе, тамеки тартып баланы өстүрсө, ойлоп көрүңүз балага кандай зыян болуп,анын келечеги кандай болоорун.

Жогоруда тамеки тартууда тамеки тарткандардын өзүнүн ден соолугуна  зыянын  айтып өттүк. Ал эми жанында жүргөн бала-бакыранын, жанындагы адамдардын ден соолугу ошондой эле бузулаарын алар ойлоп деле койбосо керек. Мисалы, жанында жүргөн жаш балдар тамекинин жытынан,  анын деминен,  ууланып, анысы аз келгенсип, өнөкөт өпкө ооруларына туштугат. Сырттан жуккан инфекцияларга, анын ичинен вирустук инфекцияга иммундук туруштугу азаят.

Тамекиден арылтуу

    Мен тажрыйбамда көп эле тамекини таштаган адамдарды көрдүм. Өзүм деле ошондой учурдан өттүм. Биринчи кезекте, адамдын тамекиге болгон көз карандылыгы анын жан дүйнөсү аркылуу чечилиши керек. Кээде бир эле чекпейм деген чечими менен таштап койгондор болот. Мен дарылаган бир атактуу профессор дарыгер, улгайган курагында Израиль мамлекетине чыгууга камданып, тамекини таштоону чечиптир. Эми кызык жери бул киши тамекини ушунчалык чеккенинин айынан акыркысын өчүрбөйт  экен. Дембе-дем тамеки соруп жатып,  кантип бейтаптарга операция жасаганына таң калганым менен улуу  кишиден айбыгып сураганым деле жок. Биринчиден атактуу инсан, экинчиден биз сыйлаган агайыбыз болгондуктан талапты катуу коюп, тамеки таштоо режимин өзгөчө таңуулаган деле жокмун. Арийне, өзүнүн дилгирлиги, аракети менен тамеки таштоого ошончолук катуу багыт алып калыптыр, бир курс ийнерефлекс дарылоосунан кийин тамекини таштап койду.

Кээ бир адамдар тамеки таштоо учурун утурумдук эс алуу учуру же стационардык дарылоо менен камсыз кылып, иштөөдөн бош убактысында ташташат. Анткени көбү иштеген ишин тамекиге көз каранды кылып алган. Көбү тамекини акырындап азайтат, бирок мындай учур ар дайым эле  күткөн  натыйжага алып келбейт.

Тамеки таштоодогу негизги багыт рационалдык психотерапия болуп эсептелет. Мындайда адамдын жан дүйнө чечимине карата, мүнөздүк өзгөчөлүгүнө, эркине карата тамекини тыштоо багыты жөнүндө кенен-кесири түшүндүрүлөт.

Тамекинин зыяндуулугун көбүртүп-жабыртып айтпаса деле болот, ал жөнүндө бардыгы билишет. Андай кеңешти көбү уккусу деле келбейт. Кээ бирөөнө тамекинин зыяндуулугун айтсаң тескерисинче кыжыры келет. Мындайда  дабагер өзүн ошол тамеки чегүүчүнүн абалына коюп, ошонун көз карашын кабыл алып сүйлөшү керек. Бирок тамекиге болгон көз карандылык убактылуу экенин айтып, андан арылуу мүмкүнчүлүгүн турмуштук далилдер менен түшүндүрүү талапка ылайык.

Тамеки тартууну кетирүүдө тамеки сыяктуу борбордук нерв системаны стимулдаштыруучу каражаттар кенен-кесири колдонулат. Мисалы, табексегемибазин сыяктуулар. Тамекиге  өтө берилген айрым бир жарандарга седативдик -борбордук нерв системаны тынчтандыруучу, депрессияны келтирүүчү дары-дармектерди берүүгө туура келет.

Ийнерефлекс терапиясынын ролу нерв системасынын тынчтандыруу менен коштолуп, нервди стимулдоочу   чекиттерге  сайылат. Тажрыйбадан билингендей, кулактын ичиндеги атайын аурикулярдык чекиттерге болгон таасир,  тамекиден арылтууда жакшы натыйжаларды берип келе жатат.

Дегеле тамекини таштоодо адамдын ички чечимине, эркине дабагердин дарылоо багыты туура келсе, өз жемишин бербей койбойт. Тамекини таштатууга ар бир инсандын катыштыгы болууга тийиш. Анткени  үй-бүлө мүчөлөрүнө, деги эле тааныш- билиш жакындарына  ыгы келгенде тамекини  тыштоо керектигин айтып туруу ар бир инсандын жарандык милдети экендигин баса белгилеп кетмекчимин.

 

Бекбоев Темирбек, Невролог,

чыгыш медицинасы боюнча адис, дабагер.