Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Американын The World’s Best шоусунун финалында ырдоодон баш тартканын казак маалымат булактары жазып чыкты.
Ал көпчүлүктүн колдоосу менен финалга чыккандан кийин, шоудан кетүү тууралуу оюн  билдирген. Күтүлбөгөн мындай билдирүү калыстар менен көрүүчүлөрдү нааразы кылган.  Ал жаш ырчылар менен атаандашпай, аларга да мүмкүнчүлүк берүүнү чечкенин айткан.

Ал эми калыстар тобу «Чынында сен конкурсту сыйлабай турганыңды көрсөттүң. Биз мыктылардын мыктысын тандоого бел байлаганбыз. Сен эмне кылып жатканыңды билесиңби?!» — деп нааразы болушкан.

Ырчы болсо туура түшүнүшөөрүнө ишенгенин билдирди.