Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыкты. Окуя болгон жерде  Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жибергенинин  Кыргызстандын Чек ара кызматы таратты. Маалыматта:  «Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти», — деп  айтылат. Айрым маалыматтарда жарадар адамдар бар экени айтылууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өттү.

Буга чейин Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салышканы маалым болгон . Ага жооп кылып,  кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолун жабышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык буга чейин, 13-март күнү күндүз Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап нараазылык билдирип чыккан. Ак-Сай айылынан 50 кыргызстандык, тажик тараптан 70 тургун келип, бири бирине таш ыргытышкан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип, токтотушкан.