Saudia Airlines учагы баласын унуткан аял үчүн кайра аэропортко конгонун  Lenta.ru жазып чыкты.

11-март күнү абага көтөрүлгөн учак Сауд Аравиянын Джидда шаарынан  Куала -Лумпур шаарына учмак. Учактагы жүргүнчү аял, баласын аэропортко унутуп калганын борт кызматчыларына айтып, учакты кайра конуусун талап кылган.

Ошентип баланын айынан учак кайра Джидда шаарына конгон.

Маалыматта унутчаак аялдын баласы табылганы айтылган, бирок  алардын кийинки сапары тууралуу жазылган эмес.