—Талант мырза, жазгы талаа иштери, дыйканчылык  башталды. Сиз бул жаатта чоң адистердин бирисиз. Сиздин көз карашыңызда бийлик дыйкандарга ушул маселе боюнча  кандай жардам берип жатат?

 —Жазгы талаа иштерине чындыгында башка жылдарга салыштырмалуу жакшы камынуу болуп жатканын байкап жатам. Себеби, президент өзү бул багытта адис да. Бул тармакты терең түшүнөт. Мында ушундан улам быйыл “Айыл чарбасын каржылоо- 7” – деген программага каржы булагын 28-февралда ачты. Биз мурун депутат болуп турганда кыйкырып, улам айткандан кийин  каржы булагын араң  20- марттын тегерегинде ачып келишкен. Ал учурда түштүктүн көп жеринде айдоону  аяктап калчу да. Бул биринчиси. Экинчиси, быйыл акчанын көлөмү эки эсе көп болду. Мурун 450 миллион сомдун тегерегинде болуп келсе, быйыл 850 миллиондун тегерегинде болду.  Мурун дыйкандар акчаны кайсыл жактан аларын, кимден аларын билбей кыйналышат эле. Азыр РСК, Айыл банк сыяктуу мамлекеттик банктар ар бир региондордогу дыйкандарга ушул маселе боюнча атайын семинарларды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мен адис катары алардын бир-эки семинарларына катыштым. Быйылкы жылы каржылоо: кайра иштетүү, асыл тукум жана жөнөкөй мал өстүрүү, кошумча наркты дагы улоо сыяктуу багыттардан тышкары айыл аймактарын өнүктүрүү үчүн көп тармактарга каралды. Мисалы, асыл тукум мурун 8 пайыз үстөк болсо, быйыл 6 пайызга түшүрүштү. Ошондой эле лизинг ыкмасындагы насыя да бир топ жеңилдетилди. Буга чейин лизингге алган жалпы каржаттын (техниканын)  көлөмүнүн 30 пайызын дароо төлөп берүү каралса, быйыл ал үстөктү 10 пайызга түшүрүштү. Бул абдан жакшы көрсөткүч десек болот. Үчүнүчү маселе катары сүттүү  уйларды дагы лизингге берүү боюнча атайын программасы иштеп чыгышты. Азыр бул программа иштеп жатат. Негизи мындай нерсе биздин тарыхта буга чейин боло элек болчу. Азырынча Чүйдө эки ферма ушул багытта иш жүргүзүп жатат. Бул аздык кылат. Ошон үчүн дыйкандарды толук камсыздоо үчүн бул ишти күчөтүү зарыл.

—Айыл-чарба министрлиги болсо сынга катуу алынып эле келатат. Сиз да бир кезде министр болгонсуз. Министрлик деги сиздин баамыңызда кандай иш алып барууда?

—Айтылган сындын баарын эле угуп жатам. Бирок белгилүү болгондой ал сындардын басымдуусу сатылбай жаткан картошка маселесине байланыштуу болууда. Бир өңчөй эле министрди жамандай берүүгө болбойт. Эгерде ошол эле картошканын түшүмү табияттын кубулушунан улам жакшы болбой калса, дагы эле министр күнөөлүү катары сынга алынмак. Дыйкандарыбыз жыл сайын картошканы кандай көбөйтүп, кантип жакшы түшүм алуу маселесин да жакшы өздөштүрүп калды. Ушундан улам быйыл түшүм көп болду. Мен Айыл –чарба министрлиги  иштебей жатат деп айткандан алысмын. Себеби, колунан келген ишти жасап жатат. Мисалы, жер семирткич ж.б. маселени жакшы эле чечип жатат. Бирок ошондой болсо да көп маселени дыйкандарыбыз өзү эле чечип жатканын баса белгилеп кетмекчимин. Министрликтин жаңылыштыгы – бул дыйкандарга туура эмес прогноз бергенинде болуп калды. Мисалы, 2017-жылы картошка баасы 40 сомго чейин чыккан. 2018-жылы деле ошондой болот деп, дыйкандарга көп айдоону сунуш кылып коюшту. Экинчиден биз өзүбүз адис катары Кыргызстанга жылына канча картошка, канча шекер керек деген маселени так билишибиз керек. Биздин мамлекетке бир жылга 700 миң тоннага чейин картошка болсо жетет. 2018-жылда 1,5 миллион тоннага  чейин жетпедиби. Бул өтө көп да. Бүгүнкү күндө туура болжолдоп айтсак, жалпысынан  иргелгенден кийин дагы  200 миң тоннага чейин картошка сатылбай турат. Март айынын ортосунан баштап картошка боюнча дагы чоң көйгөй жаралат. Себеби, жаздын келиши менен сакталып жаткан погрибдин баары ачылып, сатыкка дагы көп чыгат. Айрым адисттер картошканын баасы көтөрүлөт деп жатышат. Менимче, тескерисинче баа түшүп кетет. Министрлик Өзбекстанга сатканга аракет кылып жатканы жакшы. Бирок маселени чечиш үчүн тез аранын ичинде көбүрөөк көлөмдө сатышы зарыл. Министрлик быйыл картошканы  жалпысынан 2000 гектарга чейин аз айдоону айтып жатат. 2000 гектар деле маселени чечпейт. Деги эле, дыйкандарыбыз  картошканы ары жак, бери жакты карап сагыраак болуп айдашы керек. Себеби, Казакстан картошканы дээрлик өзүн-өзүн  камсыздаган көлөмдө эгип жатышат. Бул маселени да эске алышуу керек. Быйыл картошка баа бизде эле эмес, Россияда деле түштү. Быйыл 5 сомго түшүп кетти. Былтыр болсо 16 рублге чыккан. Биз негизи Эл аралык нормалардан көп чыга албайбыз. Ошондуктан бул маселени да дыкат иликтеп, ошого жараша иш алып барышыбыз керек. Эгер картошканы фитосанитардык жактан  талапка ылайык кылсак, Кытай да алууга кызыкдар. Себеби, биздики экологиялык жактан өтө таза картошка да. Кытайлар болсо жалаң дары кошуп, жумурткадай жылмакай картошканы жешет.

—Азыркы өкмөт  келгенден бери сындан башы чыккан жок. Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнч оюңузду ортого салсаңыз…

 —Чындыгында Өкмөттү кетире турган деле себептерди көргөн жокмун.  Өкмөт башчы жаман иштеген жок, абдан аракетин кылып, жакшы эле иштеп жатат. Туура, завод-фабрикалар салынып, экономикабыз дүркүрөп кеткен жок. Бирок андаш деңгээлге биздин аз көлөмдөгү бюджетибиз жол бербей жатат. Бюдеттин  басымдуу бөлүгү эле, биз социалдык өлкө болгондон кийин ушул багыттка сарпталып жатат. Өкмөт мына ушул багытта бир катар жакшы иштерди жасап, айыл-чарба багытын  өнүктүрүүгө аракет кылып жатат. Эми мындан ары да бул аракеттерин күчөтсө, жакшы жыйынтыктар сөзсүз болот.    Ал эми  өкмөттүн кемчилиги катары жаңы кодексти ишке ашыруудагы бир топ кемчиликтерди айтсак болот. Чынында бул маселе боюнча өкмөт талапка ылайык иштерди аткара алган жок. Эми мындан ары өкмөт бул маселе боюнча дагы элдин сынына калбай, негизги маселелерди так жана өз убагында аткарышы зарыл.

—Корруцияга каршы күрөш купулуңузга толуп жатабы?

 —Чындыгында коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат. Жыйынтыктары да жаман эмес. ТЭЦ ж.б. ызы-чуу иштер боюнча бир топ статусу бийик адамдар камалбадыбы. Мунун өзү чоң жыйныытктардын бири десек болот. Бирок мен коррупцияга каршы күрөштү мен системдүү жүрсө  дейт элем. Себеби, коорупцияга каршы күрөштү ошол системаны түзгөндөр эле кармалып, ортосундагылар, мындайча айтканда орто деңгээлдеги ар кандай жооптуу кызматтарда иштешкендер калып калып жатат. Эмнеге дегенде,  бул коррупция дегениң өзүнчө эле узун чынжыр деп коёлучу. Ошонун башы (кит  деп коюшат) кетет, же майда барат болуп эсептелген эң аягы (чабак) кетет да,  ортосу калып, толук үзүлбөй калып жатат. Негизи  коррупциялык системаны 4-5 эле адам түзбөйт да. Мисалы, миллион долларды сол чөнтөккө солош үчүн, ал ишке 4-5 эмес, 10-15, балким андан да көп адам катышышы мүмкүн. Ошон үчүн отоо чөптүн өзүн эле жулуп койбой,  тамырын кошо жулуш керек. Бийлик, укук коргоо органдары  мына ушул маселеге терең көңүл бурса жакшы болот эле. Президент үчүн деле коррупцияга каршы күрөш оор болуп жатат. Себеби, президентке жалпы коомчулук, саясатчылар, журналисттер, айтор ар бир адам өз деңгээлинде жардам бербесек. Азыр нак коррупционерлер кармалып жатат.   Мурунку замандарда болсо жасалма, саясый  мүнөздө көп эле кылмыш козгоп келишпеди беле. Азыр бийлик  андай көрүнүштөн   алыс  болуп жатканы байкалып турат.

—Сиз “Ата Мекенден” шайлоого катышкансыз. Тизме боюнча кезегиңиз да жакындап турса керек. Өмүрбек Текебаев бир чети лидериңиз болуп калды дегендей. Ал кишинин 60 жылдык мааракесине катыштыңызбы? Деги эле ал кишиге жолугуп пикир алыштыңызбы?

 —Мен Өмүрбек Чиркешовичтин мааракесине башка иштерге байланыштуу катыша албай калдым. Бирок ошол учурда ал киши ооруканда дарыланып жатпадыбы. Мусулманчылыкта ооруканада жаткан адамдын ден-соолугун сурап коюш парз. Анын үстүнө Өмүрбек Чиркешович менен өткөн чакырылышта 5 жыл чогуу иштедик.  Мен ошол адамкерчиликти эске алып, ооруканага барып Өмкенин ден-соолугун сурадым. Экөөбүз өзүң айткан тизмедеги кезек боюнча ж.б. маселелерден пикир алыштык.

—Демек, “Ата Мекендин” бир, эки депутат кетсе, сиз депутат болуп келет турбайбызбы? Буга чейин кийинки кезектеги Ташболот Балтабаев депутат болуп келбейт экен деген да сөздөр чыкты эле…

 —Ошондой сөздөр чыкканы менен а киши  бул маселе боюнча менин өзүмө кеп салган жок.  Кандай болгон учурда да буйруганы болот да.  Негизи кезегим келип калса, депутаттыкка барышым керек. Себеби, өткөн чакырылышта бүтүрө албай калган бир нече мыйзам долбоорлорум бар эле. Ошол ишти турмушка ашырууну максат кылдым эле.  Негизинен менин мыйзам долборлорум өзүм айы-чараба адиси болгон соң ошол тармакты жакшыртууга, өнүктүрүүгө арналган да. Буга чейин күрсүлдөп кыйкырып, саясат маселесине деле аралашканым жок. Мен айыл чарбасын өркүндсүн деп ошол багытта бир топ мыйзамдарды жаздым. Буга  чейин  мен жазган ветеринария, идинфикация, суу колдонуучу асоциациялар боюнча мыйзам долборлору жакшы иштеп жатат.   Өткөн чакырылышта  ишке ашпай калган мыйзамдардын бири жайыт, кыштоо маселеси боюнча болчу. Аны айрым  депутаттарга түшүндүрүп берсем, жакшы түшүнүшпөй, алдыга жылдыра алышпай коюшту. Себеби, бул маселени иш жүзүндө да жакшы билүү керек да.

 

                                                                            Суроо салган Айбек Шамшыкеев