Жээнбеков  кечээ күнү  Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Тараптар: мамлекеттик сатып алуу системасын реформалоо, аймактык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттин турмушуна санариптик технологияларды киргизүү, өлкө калкын иче турган таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн финансы секторун жакшыртуу, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтыктын өңүттөрүн талкуулашты. Ажо өз сөзүндө:  «Биздин өлкө үчүн стратегиялык максаттарды жана алдыдагы реформаларды ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын колдоосу абдан маанилүү», — деди.  Бурунчук айым биринчи кезекте Ош жана Баткен облустарын өнүктүрүүнү максат кылып жатышканын айткан.