Ноокаттын 22-23 жаштардагы үч тургуну Алайдан кармалды. Алар  жалпысынан 10 миң сом (баары 2000 сомдук купюралар) жасалма кылып  жасап алып , дүкөндөргө кирип, көбүнчө 50 сомго соода кылып, жасалма акчаларды чыныгы акчага алмаштырып жүрүшкөн. Алардын акча жасап жүргөн аппараты да далил катары милициялар тарабынан алынган. Учурда кармалгандар сурак берип жатышат.