Экс-депутат Ыргал Кадыралиева аны менен соттошуп келген ЖК депутаты   Сагындык Келдибаевдин үстүнөн Ленин райондук сотуна арыз жазганы маалым болду. Ыргал айым депутатты  «мага моралдык зыян тийгизгени үчүн» 7 миллион сом  доо койгон. Ал ошондой эле депутаттан өндүрүлгөн каражатты балдар үйүнө которо турганын билдирген. Белгилүү болгондой депутат Кыдыралиеваны жалган маалымат таратканы үчүн сотко берип, 7 миллион сом доо койгон. Экөөнүн  келишпестиги 2014-жылы эле жеке маселеден улам келип чыккан. Ошол учурда ишкер Сактан Келдибаевдин атасыАшыралы Келдибаев: Беткап кийген куралчан төрт адам Сактан Келдибаевди уруп, ата-энесине да күч колдонуп, 12 миң долларын алып кеткенин, ошондой эле  ишкерден үч күндөн калбай Орусияга көчүп кетишин, бизнесин өткөрүп беришин талап кылышканын айтып чыккан. Жабырлануучулар бул  кылмыштын артында Ыргал айымдын бир тууган, прокуратурада иштеп келген Канжар Кадыралиев турары айтылган.