6-мартта түнкү саат 2.00 чамасында Бишкеке жакын жайгашкан Беш-Күңгөй айылында белгисиз адамдар унааны аткылап, жыйынтыгында айдоочунун  315 миң долларын алып кеткен. Бул тууралуу фактыны  Чүй облустук милициясы тастыктады.

Жабырлануучу белгисиз адамдардын кол салуусунан кийин, тосмону сүзүп токтогон. Учурда ооруканада дарыланууда.

Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.