Акыркы 10 жылда Кыргызстанда башка тармактардан салыштырмалуу алдыга суурулуп чыгып, дүркүрөп өсүп, өнүгүп жаткан тармак – бул курулуш тармагы экени талашсыз. Мына ошол өнүгүүгө өзүнүн барандуу салымын кошуп келаткан ата мекендик курулуш компанияларынын алдыӊкы катарында – “Имарат строй” турат. Аталган компания 23 жылдан бери Кыргызстандын булуӊ-бурчуна, айрыкча борбор шаарыбызга көрк берип турган заӊгыраган көп кабаттуу үйлөрдү куруп келет. Аталган компания акыркы жылдары  бийик имараттарды куруунун жаӊы этабына өтүп, курулуш жаатында жалпы мамлекет үчүн чоӊ жаӊылык  жаратты.  “Имарат Стройдун” мындай бийик деӊгээлге чыкканы – анын негиздөөчүсү коомдук ишмер Иманалиев Бейшенбек Султановичтин иштин көзүн билген кыраакы жетекчи экенинен кабар берип турат. Биз айымдардын 8-март Эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын курулуш тармагында өзүнчө бир эталон болуп калган дал ушул компаниянын иш билги алдыӊкы  беш айымын кепке тартып, алардан:  аткарган иштерин, компаниянын тарых-таржымалын, кыргыз коомчулугундагы ордун, мамлекетке келтирип жаткан пайдасын ж.б. маселелерди  да сурадык. Төмөндө айымдардын бизге айтып бергендерин чогуу окуп, бирге баа берели.

Бокошова Айша, “Имарат стройдун” башкы бухгалтери:

  “Жетекчибиз бардык жумушчуларга талапты катуу коёт”

 Сапат маселесине  сак болуу

 —Мен  “Нарын Гидроэнергострой” компаниясында жалпысынан 17 жыл иштеп, кыйла тажрыйба топтогом деп айтсам болот. Мына ошол тажрыйбамдын пайдасы тийип,  2013-жылы  “Имарат Стройго”  башкы бухгалтер болуп орноштум.

Мен жаӊы келген учурда  “Имарат Строй” менен “Имарат Прогресс” бар экен. Андан бери 6 жылга аяк басты. Учурда бир нече  компаниядан турган “ИМАРАТ ГРУПП” болуп калды. Аларды санап кетсем: “Имарат Прогресс”, “Имарат Пласт”, “Имарат Бетон”, Имарат Контракшн”,  “Имарат проект”,  ж.б.  Мына ушундан эле “Имарат Стройдун”  жыл сайын өсүп — өнүгүп жатканын билсек болот. Жетекчибиз Бейшенбек Султанович сапаттуу курулушка өзгөчө басым жасап, бул маселе боюнча бардык жумушчуларга  талапты катуу коёт.  Дагы бир жетекчибиз Данияр Бейшенбекович жума сайын ар бир курулуп жаткан имаратты кыдырып, тыкыр текшерүүгө алып турат.

Жумушчуларга камкордук жана  казынага салым…

 —Бүгүнкү күндө биздин компанияларда жалпысынан  800гө жакын кызматкер иштешет.  Жумушчуларга эмне шарт түзүшүбүз керек болсо, ошол шарттын баарын түзүп бергенбиз. Мисалы, коопсуздук маселесине талапка ылайык көзөмөл жүргүзүлүп турат. Атайын курулуш кийимдери менен камсыз кылып, ысык тамак да уюштуруп турабыз. Айлыкты болсо өздөрүнүн иштегенине жараша убагында алышат. Ал эми мамлекеттин казынасына түшүрүп жаткан  салык  боюнча каражатыбыз жалпысынан жылына 35-40 миллион сомго жетет. Ошондой эле бизде иштеген кызматкерлер патенттин негизинде иштешет. Алар да соцфондго, патентке төлөп турушат. Андан тышкары, биз  менен ар тараптуу иш алып барып жатышкан ар кандай компаниялар да биз аркылуу ар кандай төлөмдөрдү төлөшөт.

Финансы маселесин да мыкты өздөштүргөн жетекчи

 —“Дарак бир жерден көгөрөт” – деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыӊарындай мен бир жерде узак жылдар бою иштегенди жактырам. Мурунку ишимде да менин бактыма жараша жакшы жетекчилер болду. “Имарат Стройдо” да алардан өткөн мыкты жетекчиге, мыкты жамаатка туш болдум.

ИМАРАт-СТРОЙДУН жамааты

Бул менин бактым болсо керек. Себеби, көп нерсе жетекчиге байланыштуу болот да. Бейшенбек Султановичтин мага жетекчи катары тапшырманы так берип, кайра ошол тапшырманы сурап алганы жагат. Көп татаал маселени чечүүнүн оӊой жолун бат эле таба алган кыйын инсан. Бул сапаты бизди чындап таӊкалтырат. Жетекчибиз жеке эле  курулушту эмес,  финансы маселесинин да күнгөй-тескейин мыкты билет. Бул жагынан алганда мага иштешкенге абдан оӊой болду. Чынында биздин жетекчи кыраакы адам. Баарына көз салып, кайсыл жерде аксап, кайсы жерде ашыкча кетип жатканыбызды түшүндүрүп айтып, баарыбызды кыраакы болууга үндөп турат.

  Кайрымдуулук иштери салтка айланды

 —Бейшенбек Султанович кайрымдуулук маселесине кайдыгер карабаган, колу ачык адам. Себеби, биздин компанияга ай сайын жардамга муктаж ондогон адамдар жардам сурап кайрылышат. Жетекчибиз алардын ар биринин чоо-жайын сурап, чындап эле муктаж болгон болсо тиешелүү жардам көрсөтөт. Ошондой эле, маданиятты, тарыхты тереӊ баалаган инсан болгондуктан өзүнө жардам сурап кайрылган чыгармачыл белгилүү инсандарга да демөөрчү да болуп, колдоп келет.  Башка багыттагы кайрымдуулук иштеринен да учкай айтсак,  Токмоктогу  майып балдардын үйү  каралбай калган экен. Жакында биз ошол бала бакчаны толугу менен оӊдоп-түздөөдөн өткөрүп, ичине эмеректерди да коюп бердик. Ошондой эле билим берүү, спорт тармактарын да колдоп, бир топ жардамдарды көрсөтүп келебиз. Элибизде: “ Туулган жердин топурагы алтын” – деген жакшы сөз бар эмеспи. Бейшенбек Султанович, өткөн жылы өзүнүн киндик каны тамган Ак- Жар айылына өз каражатына (7 миллион сомдон ашык акча) заманбап үлгүдөгү чоӊ атасынын атындагы парк салып берди.

Парктын ачылышында

Чынында баарын тизмектеп  айтсак абдан эле көп. Бир сөз менен айтканда, жыл сайын биздин жетекчибиз ар кандай кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иштерине миллиондогон каражат сарптайт.

Мамытканова Махабат, “Имарат строй” компаниясынын өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы:

 “ Курулуш материалдарын Россиядан, Түркиядан алып келебиз ”

—Мен “Имарат стройдо” иштеп жатканыма 7 жыл болду. Кесибим боюнча инженер-куруучумун. Апам мени бухгалтер кылгысы келген, бирок атам болбой өзү куруучу болгондуктан мени куруучунун кесибине окутту.

Өзүмө да бул кесип абдан жагат. “Имарат стройго” келгенче мен бир топ жыл мамлекеттик кызматтарда ушул курулуш багытында иштедим. Бирок ал кызматтарда биз кагаздар менен иштеп олтурчубуз. Мага болсо бийик, сапаттуу  салынган көп кабат үйлөрдү кыдырып иштеген абдан жакчу. Ушул кыялым ишке ашып, “Имарат стройго” иштеп калдым.  Биздин бөлүмгө өтө жооптуу милдет жүктөлгөн. Анткени, биз курулуштун долбоорлору менен иш алып барабыз. Ар бир  курулуштун фундаментинен тарта, чатырына чейин эсептеп чыгабыз. Анан ошонун негизинде иш жүрөт. Ошондой эле жумушчулардын айлыктарын чыгарабыз. Андан тышкары, курулуш материалдарды биз тандайбыз. Бул тандоо маселесинде биринчи кезекте сапатка өтө көӊүл бурабыз. Эч качан арзанына качырып, сапаты начар материалдарды тандоого жол бербейбиз. Эмнеге дегенде, жетекчибиз  сапат маселесин катуу көзөмөлгө алып, бизге да катуу талаптарды коёт.

Мисалы, Россиядан арматураны, сантехника материалдарын, ал эми  Түркиядан электр жабдыктарын  алабыз, бетонду, эшик-терезелерди өзүбүздүн компанияларыбыз чыгарышат. Бирок биз ал материалдарды тиешелүү мекемеден текшерүүдөн өткөргөндөн кийин курулушка колдонобуз.

ИМАРАТ-СТРОЙ КУРГАН «ИМПЕРИАЛ»

Ошон үчүн биздин компаниялар салган үйлөр абдан сапаттуу жана кооз болгондуктан ар бир эле адам сатып алгысы келет. Бир мисал катары “Империал” деп аталган көп кабаттуу үйүбүздү айта кетейин. Бул үйдүн архитектурасы чынында эле Бишкек шаарына өзгөчө көрк берди деп айткандар көп болууда. “Империалда” көз уялткан эки кабаттуу автопаркинг салдык. Негизи ал үйдө миӊдей адам жашайт. Ошон үчүн биз аларга шарт түзүп, дүкөн, спорт комплекс  ж.б. керектүү нерселердин баарын салдык.  Кудай буйруса, эмки жылы “Империалдын” экинчи этабын бүтүрөбүз. Биздин компания “Империалга” көп каражат, абдан көп эмгек сарптады. Балким, айрым бир компаниялар андай акчага жөнөкөй эле кылып эки көп кабаттуу үй салып коюшу мүмкүн.   Мен “Имарат Стройду”  ата мекендик компаниялардын  арасында экинин бири болуп калды  деп айта алам.

Жагымдуу музыканын коштоосунда «ИМАРАТТЫН» курган турак жай-комплекстерин жана үйлөрүн көрүп коюңуздар!

Опубликовано IMARAT STROY. LLC Вторник, 11 декабря 2018 г.

Кудайкулова Лилия, “Имарат Констракшн” компаниясынын башкы бухгалтери:

“ Мамлекеттик курулуштарды да жигердүү жүргүзүп келебиз ”

—Биздин “Имарат-Констракшн” деп аталган  компания негизинен курулуш багытындагы иштерди аткарып келет. Жеке үйлөрдү эле  курууга басым жасабай, мамлекеттик курулуштарды курууга, имараттарды оӊдоо иштерине да катышып келатабыз.

Мисалы, мамлекеттик тендерлерге да катышып, Улуттук банктын имаратын  реконстурцияладык.  №25-мектепти,  Чүй облустук ооруканасын да  капиталдык –оӊдоодон өткөрдүк.Кыскасы  мамлекеттик курулушутарды да жигердүү жүргүзүп келебиз.   Азыр болсо, эконом – класс багытындагы “Тумар” деп аталган долбоорду ишке ашырып, курулуш иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул долбоордогу үйлөрдү кардарга толук бүтүрүп беребиз. Сатып алган адамдар ачкычын алып эле, дароо жашай беришсе болот. Бул үйлөргө азыртан кызыккан адамдар көп болуп жатат.

«АЛТЫН-БУЛАК»

“Имарат стройго” келгениме быйыл  төрт жыл болот. “Имарат строй” компаниясы кызматкерлерди   алып жатканын угуп, кайрылгам.  Кыязы, тагдырым  ушул компанияга байланыштуу болуп калды окшойт. Чынын айтканда  “Имарат стройго” башында келгенде жетекчибиз Бейшенбек Султановичти анча түшүнө алган жокмун. Байкасам,  жумшак, абдан таасирдүү, сүрдүү адам экен.  Бара – бара көнүп, ал адамдын жетекчи катары абдан кыраакы, тажрыйбасы мол адам экенине көзүм жетти. Чынында талапты катуу коёт.  Ошол эле учурда ар бир адам менен тил табыша алган дипломаттык да жайы бар.  Бизге жетекчилик тараптан жакшы шарттар түзүлгөн. Айлыгыбыз жетиштүү. Андан тышкары, жамаат ичинде атмосферабыз да абдан сонун. Ушундан улам башка компаниялар жогору  айлык коюп, кызматка чакырса да баргым келбейт. Эмнеге дегенде, жумуш деген сенин экинчи үйүӊ да. Экинчи үйүӊ сонун болуп турса, башка үйгө эч качан муктаж болбойсуӊ.

Рысалиева Кенжегүл, “Имарат Прогресс” компаниясынын Техникалык өндүрүш бөлүмүнүн башчысы:

 “Бейшенбек Султанович, жаш кадрларды өстүрүүгө абдан көӊүл бурат ”

—Менин  эмгек жолум ушул компанияда  2011-жылы башталды. Ошондон бери бул компанияда иштеп, чоӊ тажрыйба топтодум. Себеби, биздин компанияда тажрыйбасы мол, баскан жолу бай адамдар көп иштешет. Мына ошондой сыймыктуу адамдардан үлгү алып, көптү үйрөндүм.

Жумушум абдан жооптуу жана кызыктуу. Чынында биздин компаниянын иштөө ыкмасы башка компанияларга салыштырмалуу башкачараак.  “Келечек жаштардыкы” деген сөз бар эмеспи. Жетекчибиз Бейшенбек Султанович, жаш кадрларды өстүрүүгө абдан көӊүл бурат. Мисалы, көп эле компанияларда жаӊы кадрларды алып жатканда 5 жыл тажрыйбасы менен алышат. Биздин жетекчибиз болсо андай талап койбой, окуу жайды жаӊы бүтүрүп келгендерди ишке алып, аларды таптап-баптап өстүрүп келет. Биз билебиз, өзүнүн кичүү мекениндеги мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө жыл сайын өзүнүн стпендиясын берип, аларды колдоп турат. Ал окуучулардын арасынан жөндөмдүү  балдардан тандап, аларды өз эсебинен университетте билим алуга шарт түзүп келет. “  Менин оюмча, эгер Бейшенбек Султанович, саясатчы болсо күчтүү саясатчы болмок. “ИМАРАТ ГРУППтун” жалпы кызматкерлери аны тереӊ урматтап, ишмердүүлүгүнө суктанып турабыз.

Бошкоева Айнура, “Имарат Прогресс” компаниясынын башкы бухгелтери:

“Ийгиликтин бир себеби – бул тактык”

—Мен бул компанияда 7 жылдан бери иштеп, бир топ тажрыйба топтодум. Мага бул компания чоӊ мектеп болуп калды десем болот. “Имарат-Прогресс”  2008-жылы түзүлгөн. Бул компания менен бир топ үйлөрдү курдук. Тендерлерге да катышып, бир катар мектептерди салдык.

Маселен, 2016-жылы Кочкордо эки мектепти жана Нарында Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепти салдык. Биздин компанияда жетекчиден тартып, жөнөкөй кызматкерге чейин так иштегенге көнгөнбүз. Негизинен компаниядагы ийгиликтердин бир себеби, мына ушул тактык болсо керек деп ойлойм.

Жетекчибиз Бейшенбек Султанович, компаниядагы  жаш кадрларды ар тараптан колдоп, үй-бүлөдөгү шартты да сурап, кеп –кеӊешин берип турат. Себеби, үйдөгү айрым бир атмосфера жумушка, жумуштагы айрым бир атмосфера үйгө таасир бериши мүмкүн да. Ушундай чоӊ компанияны түптөгөн Бейшенбек Султановичтин калыс, кыраакы, көрөгөч адам болгону – жалпы жамаатын бактысы десек болот.

ОЛИМП-имараты

Айбек Шамшыкеев