—Акыркы жылдары нерв оорусу сыяктуу эле остреохондроз  деген оору чыкпадыбы. Бул оору мурунку мезгилдерде жок болчу да. Кийинки учурларда көбөйгөндүктөн ушул оорудан жабыркагандар абдан көп  болуп жатат. Ушул оору боюнча жалпы түшүнүк берсеӊиз?

 —Бул оору мурда эле бар болчу. Менин дарыгер катары иштегениме 42 жыл болду. Элибизде мурдатан эле “аркама суук тийип калды, белимди мертинтип алдым” деген сөздөр айтылып эле жүрчү да. Мын ушундай ооруксунуулар остреохондроз катары эсептелет. Балким элдер таза абада же ат минип жүргөндүгүнө байланыштуу көп билинчү эмес. Учурда бул оорунун билинип жаткан себеби, биз бул ооруну бир аз туура эмес түшүнүп жатабыз да. Бул оорунун негизинен өзүнүн аты радукилит. Биз мурда 1980-жылга чейин эле нерв кысылып, сезгенген учурда  радукилит деп дарылап жүрчүбүз. Андан кийин  остеохондроз деп жүрдүк. Остеохондроз –бул омуртка аралык кемирчектин структурасынын  бузулуусу деп 1995-жылга чейин айтылчу. 1995-жылы компьютер чыккандан баштап  «грыжа» деп атала баштады. Эми бул жерде бир эле оору ар кандай аталып жатат да.

—Демек, бул оорунун аты заманга жараша өзгөрөт экен да?

 —Ооба. Анан  чурку  десе эле элдин баары коркуп кетет. Омуртканын тутумундагы кемирчек 30 жашка чейин жумшак болот. 30 жаштан кийин жумшактыгын жоготот дагы, андан кийин жылышы мүмкүн. Омуртка бири-бири менен кулпу сыяктуу бекилип ашташат. Эми ашташкандан кийин эч убакта жылбайт да . Ал эми жанагы костоправт дегендер жылды деп омуртканын үстүнөн басып жатышпайбы. Бул туура эмес. Жылса ичинде жүлүн бар да. Омуртка жылышып да кетиши ыктымал. Кыскасы, андай ыкма болбойт. Кээ бирлер чын эле кыйын. Ыгын жакшы билишет. Бирок андай ыкма менен калыбына келтируу опурталдуу болуп эсептелет.  Омуртка мууну толук өз функциясын аткара албай калса остеохондроз, муундун структурасы бузулса «грыжа» дейбиз. Остеохондроз омурткалардын ортосунда аларды бириктирип  денесиндеги  негизги муундардын бири болгондуктан, бардык жасаган кыймылдарыбыз, кара күчтү талап кылган жумуштун  бардык оорчулуктары ушул кемирчек тутумдаштырып турган омурткалар аркылуу жүзөгө ашырылат. Мындайча айтканда , жерден бир нерсе көтөрсөк да, биринчи иретте моюн омурткасы  менен бел омуркасына күч келет. Өзгөчө, бел омурткасы негизги жумуштарды аткарат.

—Бул оорулар эмнеден улам пайда болот?

 —Жалпылап айтканда катуу кыймыл  кылгандан, оор нерсе көтөргөндөн улам пайда болот. Башкысы- өтө көп жумуш кылгандан. Оор нерсени туура эмес көтөргөндөн. Ал эми оор нерсени туура көтөрүүнүн дагы өз эрежеси бар эмеспи. Мисалы, эӊкейип жерден оор нерсени алуу жаш өткөн сайын кыйын. Бир жагынан оордук көтөрүп, белине күч келтирип алса да кемирчекке доо кетет. Эл арасында аны жылышты деп коёт. Кээде оор нерсени дароо   эле обдулуп туруп, аркасына салып туруп, көтөрүп кетишет. Ошондо бел анча-мынча мертине түшүшү мүмкүн. “Остеохондроз”- деген өзү кемирчектин зат алмашуусунун бузулушу дегенди билдирет. Анын оорусуна кыймылдабай көп отуруу да апкелет. Моюнду ылдый буруп алып, көп кыймылдабай көп отуруу да алып келет.  Моюнду ылдый буруп алып, көп кыймылдабай жаза бермей адатыбыз да бар эмеспи, бул моюн омурткасы үчүн зыян. Азыр кыз-келиндер тигуу цехтеринде керелден-кечке кийим тигип олтурушат. Ушул сыяктуу эле компьютерде кечке олтургандар да абдан арбын.  Мына ошондой шартта  иштегендер да бул оору менен жабыркашы мумкун.

Анан кемирчектин бузулушуна тамак-аштын экологиялык жактан таза эместиги сыяктуу бир кыйла  бир кыйла себептери бар. Азыр тамак аштын курамына туз көп кошулуп, ар кандай сапатта, түрдүү аралашма түрүндө болуп жатканын өзүӊүздөр жакшы билесиздер.

Дагы бир себеп нервдик-психикалык жактан жабыркоо. Ушундай себептер менен катар эле остеохондрозду жаратып жана күчөтүп жиберген эӊ негизги коркунунуч- бул суук тийүү. Суук тийгенден көп оорушат.  Суук тийгенде омуртка  сезгенет.  Мындай учурлар көбүнчө айылда жашагандарда кездешет. Омурткадагы кан тамырлар кысылганда баш айланат ж.б. организмде ооруксунган өзгөрүүлөр пайда болгону билине баштайт.  Ошон үчүн остеохондрозго комплекстүү дарылоо жүргүзүү керек.

Остеохондроз тукум куушу мүмкүнбү ?

— Жок. Бул бир сөз менен айтканда кол менен жараткан оору. Генде бир аз “жакын ыктоочулук” болушу мүмкүн, бирок негизинен тубаса эмес оору. Мурда жаш балдар, өспүрүмдөр омуртка кемирчегинен жабыр тартчу эмес. 20 жаштан өткөндөр ооручу. Азыр болсо, 10-15 жаштагы өспүрүмдөр ооруп келип жатышат. Буга таӊ калбай койбойсуӊ.

—Остеохондрозду толук айыктырууга болобу?

—100 пайыз айыктырууга болот деп мен айта албайм. Оорунун оор синдромун кетириш үчүн Кытайдын Алтын ийне терапиясын колдонобуз. Андан тышкары ооруга мануалдык терапия, массаж, лазердик терапия  жакшы жардам берет.

Дарылоодон кийин ошол учурдагы оорудан арылтса болот.  Бул көп жагынан адамдын өзүнө байланыштуу. Биринчи кезекте комплекстүү иш-чаралардын натыйжасына ээ болуу керек. Суук тийгизүүдөн, олдоксон оор жүк көтөрүүдөн, бир орунда көп отуруудан жана башка  жагдайлардан качуу керек. Мындайча айтканда, экинчи ирет  бул оору менен ооруп калбоо үчүн эрежеге ылайык талапты  сактоо  зарыл.

Багыт кж

 Белгилей кетсек, Бекбоевдин жеке медициналык борборунда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • Тамыр кармап, оорунун диагноздору аныкталат;
  • Алтын ийне сайып, лазер терапиясы, мануалдык терапия жана укалоо жолу менен дарылоо жүргүзүлөт;
  • Ички органдардын сезгенишин, нерв ооруларын;
  • Тери жана аллергия ооруларын;
  • Муун жана омуртка ооруларын;
  • Айыкпаган жарааттарды, жыныстык жана башка илдеттерди кадиксиз айыктырат.
  • Мындан сырткары тиш дарылоонун заманбап түрлөрү колдонулат жана гинекологиялык оорулардын бардык түрлөрүнө дарылоо жүргүзүлөт.

Лиц. МК №030529

Дареги: Бишкек шаары, Астрахань көчөсү, 23, Киркомстром району.
Байланыш телефондору: (0312) 45-01-47, 45-01-75, (0779) 30-47-06