Балыкчы шаарынын тургуну 25 жаштагы Нурия  дарыгерлердин жаңылыштыгынан улам каза болгон. Окуя тууралуу маркумдун эжеси Махабат даыргерлерге болгон нааразычылыгын «turmush.kg»ге айтып берген.

Нурия Балыкчы шаарында 1994-жылы туулган. Мектепти аяктагандан кийин 2012-жылы чачтарач кесибине ээ болуп, 2013-жылы Түркиянын Измир шаарына кетип, ошол жакта иштеп жаткан. Акыркы 6 жылдан бери үй-бүлөсүнө жардам берип, эмгектенип келген.

Кыргызстанга ушул жылдын 15-январында эс алууга келип, кайра кетүүнү пландап жаткан. Бирок каргашалуу окуя болуп, 27-январда көз жумду.

«Сиңдим «сагыз чайнап жатып тишимдеги пломба түшүп калды, Түркияга кеткичекти жасатып алайын» деп Балыкчы шаарындагы стоматологиялык ооруканалардын бирине кайрылган. Тиш дарыгер каналын ачып, убактылуу дары коюп, бат эле жаап койгон. Сиңдим үйгө келгенден кийин тамагы ооруп, катуу шишип, дене табы көтөрүлүп чыкты. Эртеси лор дарыгерге кайрылганда ал тамчылаткыч дары (капельница) сайган. Дары куюлгандан кийин эч жардам болбой, шишик тарабай, дене табы жогору болуп кетти. Дарыгер тамагы оорубай эле, тишинен шишик пайда болуп жатканын айтып, тез арада тиш дарылоо бөлүмүнө баруу керектигин айткан. Биз ошол замат тиш дарыгерге бардык, алар сиңдимдин өтө оор абалда экенин көрүп, Балыкчы шаардык оорукасынын хирургия бөлүмүнө өздөрү такси менен жеткирип барышты. Ал жерден операция жасалып, ириң таба албай коюшту. Сиңдимдин дене табы түшпөй, шишик тарай электе кактоо жолу менен (физиотерапия) дарылоого өтүшкөн.

Нуриянын алы кетип, дене табы жогорулап, денесин калтырак басып калганда оорукананын жаак хирургия бөлүмүнө жөнөтүштү. Ал жерден дарыгерлер тез арада чогулуп, дарыгерлердин кеңешин өткөрүшкөн соң, операция кылып жатышкан учурда сиңдим каза болуп калды. Ал жердеги дарыгерлер: «Бейтапты биринчиден кеч алып келдиңер, анан Балыкчы шаарынын дарыгерлери өтө чоң ката кетиришип, ириң бар жерди эмес, өйдөрөөк жерден кесип коюшкан. Эртерээк келгенде туура операция жасалып, тирүү калмак» деп айтышты.

Дарыгерлердин мындай мамилесинен улам сиңдимден ажырап калдык. Тиешелүү органдар тарабынан аларга карата чара көрүүнү өтүнөм», — дейт Махабат.