Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Болгорияда өтүп жаткан  «Дан Колов – Никола Петров» Эл аралык турниринде коло медаль тагынды. 1-март күнү Тыныбекова италиялык балбан  Аврор Кампаньюнцун 11:0 эсеби менен, чейрек финалда швециялык балбан  Моа Лен Марияны  8: 1 эсеби менен уткан. Жары финалда украиналык балбан Юлии Ткач Остапчук 10:11 эсеби менен утулуп калган. Коло медаль үчүн беттеште дагы бир швециялык балбан Малин Ойханна Маттссонду 4:1 эсебинде жеӊген. Айсулуу үчүн бул медаль быйылкы жылдын эсебинен экинчи медаль болуп калды. Ал жыл башында Францияда өткөн Эл аралык мелдеште алтын тагынган. Ал эми  Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы биринчи эле таймашта жеӊишти колдон чыгарышып, ийгилик жарата алышкан жок.

Жусупбеков Узур

Ал эми ушул эле турнирде кыргызстандык балбандар Узүр Жусупбеков дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон түрк балбанын 6:3 эсеби менен утуп, коло медаль тагынды.

Мурат Раманов

Оор салмакта күч сынашкан Мурат Романов болсо, Кыргызстанга алтын медель менен келмей болду. Ал, орус,  кыргыз,(кыргыз балбаны Роман Ким ) түрк, египет  балбанын жеӊип, алтын медальга ээ болду