Кыргыз-орус славян университетинин (КОСУ) мугалими Денис Брусиловский студент кыздарга ыдык көрсөткөн делип шектелүүдө. Ага анын студенттер менен жазышкан скриншотторунун ачыкка чыгып кеткени себеп болгон. ЖОЖдун жетекчилиги ички иликтөөдөн кийин мугалимге карата кандайдыр бир чара колдонулаары  же эч кандай чара колдонулбаганы белгилүү болоорун билдирди.

 Төмөндөгү скриншоттордо Брусиловский ар кайсы студент кыздардан «орой секске» жана «денени өпкүлөөгө» кандай карайсыңар деген өңүттө суроо салып, алардан «эриндин жана клитордун» сүрөттөрүн жөнөтүүнү суранган.

Азырынча  Денис Брусиловский бул ачыкка чыгып кеткен каттар тууралуу эч кандай пикир билдире элек.