Курбаналиев Нурбек Тойчубекович, уюштуруучу

Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата 24-февраль күнү Москвада көк бөрү боюнча мелдеш өттү.
Аталган оюнду Москвада көп жылдан бери жашап жаткан мекендешибиз Курбаналиев Нурбек Тойчубекович уюштурду. «Замандаш» партиясынын лидери Жеңишбек Молдокматов оюндун уюштуруучусуна ыраазылык билдирди:

«Москвада Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата ири масштабдагы көк бөрү боюнча оюн өттү. Бул оюнду мекендешибиз Нурбек Курбаналиев биринчи жолу эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Чындыгында мындай жоопкерчиликтүү ишти ар ким эле уюштура албайт. Командаларды даярдоо, ат майданын дайындоо, тай казанды орнотуу мунун баары татаал иш. Ушундай жоопкерчиликти өз мойнуна алып, көк бөрүнүн чет өлкөдө өнүгүүсүнө салым кошкон Нурбек Тойчубекович мамлекеттик сыйлыкка татыктуу.
Кыргыздын патриот уулунун уюштурган бул жөрөлгө мындан ары ар бир майрам сайын улантылат деген ишенимдемин. Нурбек Тойчубекович, сиздин үй-бүлөңүзгө тынчтык, бекем ден-соолук, ишиңизге ийгилик каалайм», — деди Молдокматов.