Кожобек мырза,  алгач Ооган согушу жөнүндө жана сиздердин уюм тууралуу кененирээк маалымат бере кетсеӊиз?

—Өзүӊүздөр билгендей эле 1989-жылы 15- февралда Советтик Армия Ооган согушунда жеӊишке жетишип, Ооган жергесинен душмандар сүрүлүп чыгарылган. Ал кандуу согушка  быйыл туура 30 жылдын жүзү болуптур. Кыргызстандан  7141жоокер согушка  аттанып,  250дөй  эр-азаматыбыз  көз жумган. Бирок кээ бир ардагерлер кайтып  келгенден кийин деле ден-соолугу начарлап, кайтыш болуп кеткендер да көп эле болду.  Статистика боюнча учурда республика боюнча  5600дөй эле ардагер калды. Кийин ошол согушка катышып, келген адамдардан куралган атайын уюм ачып, ар-кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз.Негизинен бул уюм “Совминдин” буйругу менен 1990-жылдары эле уюшулуп, андан бери бир топ иштерибиз менен коомчулукка да таанылып калдык десем болот. Ошонун алкагында облустарда, райондордо да атайын коомдук уюмдарды ачканбыз. Ооган согушуна катышкан  ардагер кеӊешинин  түптөлүшүнө  маркум Нурлан Төрөбековдун эмгеги чоӊ. 1996-жылы мен  Бишкек боюнча төрагалыкка шайланып, экөөбүз бир топ жыл бирге иштедик. Бейиши болгур Нурлан эми арабызда жок болгону менен ал өзүнүн эмгеги жана уюштургучтугу менен элдин эсинде калды. Бир-эки мисал айтайын, Нурлан Төрөбеков экөөбүз ардагерлерге шарт түзөлү деп жүгүрүп, Улуттук госпиталда атайын ардагерлер үчүн : неврология, терапия сыятуу бөлүмдөрдү талапка ылайык оңдодук.  Ата-Түрк паркында ооганчыларга арналган эстелик  тургузулду.

Дагы бир айта  кетчү маселе,  биздин жоокерлердин Ооган согушунан кийин деле кылган эрдиктери көп эле болду. Маселен,  Баткен согушу, Оштогу коогалаӊда тынчтыкты орнотууга чоң салым коштук. Ошондой эле, эки жолку 2005-2010-жылдардагы ревалюцияда теӊ Ак  үйдү коргоп алдыңкы катарда болушту.

Төрөбековдон кийин Тыныбек Кадыров төрага болуп жакшы иш алып барып жатты эле, ал инсаныбыз да жол кырсыгынан каза болуп калды. Жакында маркум Тыныбек Кадыровду  эскерип, атайын турнир өткөрдүк. Ал турнирге  райондогу бардык ардагерлер катышып, шахмат, топ ойноттук.

—Ооган согушунун 30 жылдыгы жакында кандай белгиленди.  Жалпысынан  алганда  жетиштүү деңгээлде көңүл бурулуп жатабы?

—Негизи  башынан эле Ооган согушуна байланыштуу ар кандай  иш-чараларды жер-жерлерде 15-февраль күнү  белгилөө салтка айланып калган эле. Быйыл  30 жылдык чоӊ маараке   өкмөт тарабынан да атайын көӊүл бурулгандыктан филармониянын залында жогорку деӊгээлде белгиленди. Бул мааракеге Жогорку  Кеӊешдин депутаттары  жана президент Сооронбай Жээнбеков катышкандыктан ардагерлерди сыйлоо аземине жалпыбыз менен күбө болдук.   Андан тышкары өзүбүздүн Ооган согушунун республикалык кеңеши тарабынан да мааракеге  даярдыктар жүргүзүлгөндүктөн  ардагерлерге  акчалай ж.б.  сыйлыктарды тапшырдык.  Чынында Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки эле катарда биз тургандыктан аймактагы жаштарга, окуучуларга жана студенттерге  тарбиялоо иштерин жүргүзүп, согуш эмне экенин башыбыздан өткөргөн окуялар менен түшүндүрүп бергенге аракет кылып келатабыз.

Ооган согушунун ардагерлеринин жалпы ынтымагы  жакшы эмес деген кептер айтылып келет. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Мен андай сөздөргө кошулбайм. Себеби кээ бир партиялардын, уюмдардын ынтымагына караганда биздин ынтымак  бир топ эле жакшы. Эми көпчүлүктө ар кандай сөздөр боло берет экен да. Бирок мурда чындыгында эле бөлүнүп-жарылуулар болуп келген. Себеби ортодо Ооган согушуна барбай деле жалган ардагер болуп алгандар да чыга калышпадыбы. Андайлар кайсы беттери менен согушка баргам деп жүрүшөт билбейм.  Эми акырындып баары жөнгө салынып, атайын устав менен иштейбиз.

Кожобек мырза, 2010 –жылдан бери 200дөн ашык  согушка катышпаган жалган ооганчылар ай сайын пенсия алып жүргөндүгү аныкталды. Алардын ана башында 2 генерал да бар экен. Бирөөсү 6 жылдан бери алган пенсиясын кайра мамлекетке төлөп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишин кыскартып коюшту. Жалпысынан алганда аларга берилип жаткан  жаза сиздин купулуӊузга толуп жатабы?

—Эгер ошондой калпычылык,  башкача айтканда алдоо жолу менен  акча ала турган  болсо, биринчиден эле аскер комиссариаттары  жазаланышы керек. Анткени жалган ооганчылар   тааныш-билиш аркылуу ошол жактан кагаз жаздырып алышты да. Алар баарын билип туруп ушундай ишке баргандыгы үчүн  катуу жазаланышы зарыл.  Эми бул иш кылдат иликтенип сотко өткөрүп берилсе,  сот ага чекит коюшу абзел. Бирок кээде  документтердеги  сандан ката кетип, чындап эле согушка барган адамдар караланып калып жатат. Ошондуктан баарын кылдат изилдеп чыгууга туура келет.  А эгер акчасын убагында   ала берип, кийин жазадан коркуп, кайра акчасын кайтарган күндө деле  жазадан толук качып кете алышпайт десек болот. Ооган согушунун ардагерлери алып жаткан 6 миң сом пенсия аздык кылып жатканы боюнча  мамлекет башчыларына коңгуроо кагып жатабыз.

Көбөйтүү боюнчабы?

-Ооба. Майып болгон ардагерлерге 7 миң, жарат албаган жалпы ардагерлерге 6 миң сомдон 2010-жылдан бери берилип келатат. Эми ушул пенсияны 2 миң сомго көтөрүү маселесин ишке ашырып  берсе деп жатабыз.  Бул маселе боюнча мен президентке, өкмөткө кайрылып жатам.  Эгер пенсияны  5600 ардагерге 8 миң сомдон эсептесек, жылына бюджеттен 130 миллион сом кетет экен. Себеби, дары-дармек кымбат. Дарылоо жайларына барып жыл сайын дарыланган ардагерлерибиз да аз эмес. Кыскасы, мамлекет бул маселени чечип берет деген үмүттөбүз.

—Сиз Ооган согушуна  кайсыл жылы бардыңыз эле?

—Мен  аскерге 1981-жылы чакырылгам. Ашхабадда 6 ай сержанттык окууну окудум. Ошол жерден чалгындоо отделениесинин командири болуп, Ооганстанга кеттим. Ооганстандын Шиндант провинциясында, Гилмент деген шаарда 1,5 жыл кызмат кылдым. Кыргыз балдар абдан көп болчу. Бизге ким буйрук берсе, ошол буйрукту так аткарганга аракет кылдык. Көп эле кооптуу учурлар болду. Ар дайым согуш талаасына чыгып турдук. Ар дайым коркунучтар болуп турду. Себеби, миналардын жарылышы, аткылоого туш болуу көп болот да.  Бир ирет Кандагар шаары тарапка бараткан жерде “жашыл аймак” деген жер бар. Ал жер абдан коркунучтуу жер болчу. Ал аймакта дайыма жарылуу, атышуу болгондуктан өтүү кыйын болчу.Себеби, душмандардын мыкты жайгашкан, дайыма кароолго алган жери болчу.  Тик учактар менен эле үстүнөн карап, кайтарып өткөрбөсө, мындай жөн эле өтүп кетүү деген мүмкүн эмес эле. Биз  бир ирет мына  ошол “жашыл аймактын” тегерегинде атайын тапшырма аткарып жүрүп, жолдон бир жарым сутка адашып кеттик. Ошол убакытта биз душмандардын кароолунда калып жок болуп калышыбыз мүмкүн эле. Кудай сактап, акыры аман-эсен чыктык.

Ооганстан абдан ысык негизи. Сууну кайнатып ичпесең, бат эле өтө оор оорулар менен ооруп каласың. Эми баштан өткөн окуяларды айтып олтурсак абдан эле көп…

                                                       Маектешкен: Айбек  ШАМШЫКЕЕВ