1989-жылдын 15-февралында СССРдин аскерлери Ооган жергесиндеги согуштан чыгарылган. Ошол убакта учурдагы милиция кызматкери Марслен Раймалиев аскердик техникаларды алып чыккандарды жетектеген. Ооганчы СССРдин аскерлерин жашоочулар ыйлап узатканын, аскерлер сыймыктанып кайтканын эскерет.

Марслен Раймалиев: «Россиянын Пермь шаарында политехникалык институтта билим алдым. Түнү окуп, күндүз иштечүмүн. 1987-жылы эки жылдык аскерге чакырылып, 6 ай Алмата шаарында даярдыктан өтүп, андан соң Ооганстандын Файзабад провинциясына барганбыз. Аларда 10 жаштагы бала да курал кармап жүрөт экен. Себеби атасы «мен үчүн өч алуучу сенсиң» деп үйрөтөт. Коңшу Пакистанга апийим, лазурит ташын кербен менен алып өтүшүп, ал жактан курал, тамак-аш алып келишчү. Бирок курал алып өткөндөргө кол салуу мүмкүн эмес эле. Себеби биздин аскердик база Ооганстандагы ички абалды туруктуу кармап туруу үчүн барган. Тажик, өзбек, этникалык кыргыздар сыяктуу түрдүү улуттардын лидерлери өз ара деле согушуп, атышып кетишчү. Аларды ажыратуу максатында ок чыгарсак, бизге баскынчылык кылып жатышат деп, эки тарап биригип бизге каршы чыгышат. Ал убакта аскерге баруу, андан да Ооганстанда жүрүү жоопкерчилик менен кошо сыймык эле», — деди.

СССРдин аскерлерине айына 7 рублдан төлөнсө, Ооганстанда кызмат кылгандарга эки эсе көп төлөнүп берилген.

«Файзабадда өздөрүнүн аскерлери жок эле. Орусияда билим алган 40-50 жаштагы майор бар болчу. Ошол киши аскер кызматкери катары кызмат өтөп, аскер топтоп, биз менен кызматташчу. Согушта анын чыкыйына ок тийип, ошол бойдон калып калган. Кадимкидей ок турганы көрүнчү. Бир ирет майордун аскерлери тамак-аш алып бара жатышса жергиликтүү башчынын желдеттери ур-токмокко алып, тамактарын тартып алышыптыр. Майор өч алуу үчүн жүк ташыган унаага аталган башчынын жаңгак-өрүгүн жүктөп келе бериптир. Кечке маал атышуу болуп жатканы тууралуу белги берилди. Ошентип жаңгак токоюнда атышып баштадык. Бир убакта калың туман каптап, биздин аскерлер атайын казылган чуңкурга түшүп жатып алдык. Таңга маал туман тараганда чыксак, өрүк менен жаңгакты капка салып ташып кетишиптир. Азыр эстесем күлкүм келет», — дейт ооганчы.

Марслен Раймалиевдин айтымында, гранатаны колунда кармап ойноп отуруп, жарылып кеткендер болгон.

«Бир ирет айылдагы Ахмадбай деген башчынын 12 жаштагы баласы биздин аскерлерге буктурма жасап өлтүргөн. 25 аскер башка базага бара жатканда сайда буктурма жасап, 25 аскерден алтоо гана тирүү калган. Көрсө ал бала аскерлердин формалары менен куралдарына суктанган экен. Биз жаңгак, өрүк бак бар токойду бомбалап, форма, куралдар табылган айылга өрт коюп, өч алганбыз», — деди ал.

Ооганчы СССРдин аскер базасы нике кыйган мечиттин жанында жайгашканын айтат. Алар ооганстандыктардын тойлорун көрүп абдан таң калышкан. Тойдо ат кооз жабдуулар менен жабдылып, ага келин отурса, анын артынан эшек менен күйөө бала келет. Аларды нике кыюучу жайга чейин жигиттин жоро-жолдоштору коштоп келишет. Нике кыйылгандан кийин күйөө бала атка, келин эшекке отурат. Марслен Раймалиев орус аскерлери мындай тойлорду жапайычылык катары кабыл алышып, таң калышканын эскерди.

«Ооганстанда байлар гана 3-4 аял алып, калган эркектер ошол байдын желдети катары кызмат кылып жүрө беришет. Ал аялдардын кимиси канчанчы аялы экенин кийиминин эскилигинен айырмаласа болот. Аялдар жашыл көйнөк, паранжы кийип, дарыяга кир жууганы келишет. Эгер көйнөгү жаңы болсо акыркы аялы экен деп калчубуз. Байлардын жолугушуусу да кызыктуу болчу. Аялдарын ээрчитип, баштарына селде кийип, колуна теспе кармап чыгышат. Эки бай жолугуп калса, аялдары буйрук бергендей шап отура калышат. Экөө сүйлөшүп бүтүп, кайчылаш өтүп бара жатканда аялдар паранжысын ача калып учурашат. Ошол убакта жаш экенбиз, дүрбү салып, аялдардын жүзүн көрүүгө ашыгат элек (күлүп)», — дейт ал.

Марслен Раймалиев: «Аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин келген жагыбызга таратылып жатканбыз. Мени «Пермь шаарынан келгенсиң, ошол жакка кетесиң» деп Андижандагы поездге жеткирип коюшту. Баарыбыз ошол жерден кайтып келе бергенбиз. Чогулган айлыктарыбызды сейил багына, кафеге барып түгөтүп кеткенбиз», — деди.

Лейтенант Марслен Раймалиев 50 жашта. Учурда Ош шаардык ички иштер бөлүмүндө эмгектенет. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасындагы Раймалынын небереси.
Булак: turmush.kg