“Кайсы бир банктын кайтаруучусу болуп көптөгөн акы алса деле болот. Бирок, мындай жолдорду басып өткөндүктөн абдан тажатма иш деп эсептейм. Шейхтердин кеңешчиси болсомбу? Бул да жарабайт. Мен согушту жек көрөм. Айланамды карасам, жокчулук элдин жонунан кайыш тилүүдө. Муну көрүп алып көңүлүм ооруйт. Учурда өлкөмдө болуп аткан көрүнүштөргө коопсуздук кызматынын офицери катары менин да күнөөм бар деп эсептейм. Балким, өзүмдү өзүм атып салсам кантет? Эми кеч… Муну менен мен эмнени далилдемек элем?

Жок…. Көкүрөктө отум турганда пайдалуу бир жакшы иш жасаганга али да күч–кубатым толук жетет. Үчүнчү Дүйнөлүк согуштан биз утулган жокпуз деп өзүмдү өзүм сооротом. Бизди сатып кетишти. Зор империя кыйрады! Дегеле адам таң калаарлык көп окуялар болууда. Баса, же кайсы бир наркобаронго айланып, бүтүндөй Европа менен Америкасын кошуп туруп жашыл тулаңга айлантып жиберсемби? Буга да чалгынчылык абийирим жол бербейт. Саясат менен алектенейин десең, анда да кимдир бирөөнүн тобуна кошулушуң кажет. Жок! Мага тааныш эмес оюнду ойногум келбейт. Түндүк Ооганстанга жетип басмачылык топко кошулсамбы? Курал-жарактан камсыздай алчу жакын курбум делген Достум (Ооганстандын белгилүү генералы, учурдагы премьер-министр) кайдадыр белгисиз тарапка качып кетти.

Элдин чыдамы түгөнүп барат. Ал эми мен китеп жазып олтурам. “Вымпел” альманахына бир катар авторлордун кызыктуу макалаларын даярдадым. Бул да курал болуп саналат. Болуптур, кейибей турайын! Алдыда дагы көп кызыктар бар чыгаар!? Жалгыз гана: “Манас-Атамдын арбагы колдосун!” – деп, ата-бабамдын арбагына жалынгым келет!”

(“Позывной – Кобра” – китебинен. Эркебек Абдулаев. Москва: Альманах “Вымпел”. 1997–ж.)

* * *

Көк асманда булут жиреп бараткан учак ичинде олтуруп чалгынчы айланасында акмалап турган ажалды байкоос албастан, эмнелер тууралуу ойго батты болду экен?  Ушул суроону өзүмө өзүм бир нече ирет кайталап берип, анан айттырбай келген ажалга наалат айтып түнөрүп көчө бойлоп барам…

2011-жылдын 16-июнь күнү суук кабарды эки ирет кулагым чалды. Жумуштан чыга берээрде кыргыз адабиятында тарыхый романы менен элинин эсинде калган Төлөгөн Касымбеков бу дүйнөдөн учту деген кепти бир уксам, эми ортодо аз убакыт өтпөй телефон шыңгырап, андан атамдын үнү жаңырды да:

-Алик байкеңен ажырадык, – деди. Суук кабар кулактан кирип жүрөккө жетти да, бир орунда отуралбай кайсалактап сыртка чыга жөнөдүм. Кандайча? – деген суроону беш-алты ирет кайталап, көңүлүм зилдей көчө бойлоп кадам таштайм. Улуу Күн уясына батып барат. Аркы-терки агылган адамдар ишинен үйүн көздөй ашыгат…

Тапшырылган ар бир ишти так жана кылдат аткарып, бет келген тоскоолдуктардан оңой-олтоң эле кыйгап өткөн дасыккан чебер чекист Эркебек Абдулаевди өзүнүн кесиптештери жана артта калган Ооган жергесиндеги шакирттери Бек деп аташчу. Ал эми мекенинде калган жакын курбулары ардактап Алик деше турган.

Мындан улам бала кезден тартып Алик байке деп, анан аны кудум кинолордогу табышмактуу чекист катары кабылдаган жаным, күндөрдүн бир күнүндө күтүүсүз жерден жылт деп учуп арабыздан эрте кетээр деген ой эч капарыма келбептир. Ал, менин көзүмө дайым күч-кубатка толгон, шамдагай жана эч нерседен тайманбаган нагыз жоокер катары көрүнчү. От күйгөн Ооган согушунда үч жылы катары душмандар менен салгылашып, анан кийин Баку, Тбилиси, Карабах козголоңдорунда оор операциялардан аман чыккан чалгынчыны алтымыштын ашын ичпей өлөт деген кепти угуп алып дендароо болуп көпкө турдум…

* * *

Баткен согушу башталган кезде чалгынчы Бек – Акаевдин өзүнө кайрылуу жазып, эч майнап чыгара албаган соң кайрадан Москвага жөнөп кетти. Арадан бир жыл өтүп кайрадан Баткен согушуна барып кыргыз жоокерлерине диверсиялык иштерде мол тажрыйбамдан бөлүшөйүн деди бийликке. Мында да эл башчысынын тегерегиндегилер тоскоолдук жаратып, оңдуу натыйжа чыгара албай айласы куруду. Ошол эле учурда Россиянын Ички Иштер Министрлиги атагы алыска угулган Бекти диверсиялык иш-аракеттерде жана душмандар менен салгылашуудагы бир катар ойлоп табууларына таңыркашып, акы төлөп атып бир топ шакирттерди тарбиялап алышты. Чалгынчыны биринчи кезекте мекендин коопсуздугу катуу түйшөлтө турган. Бийликке кат менен кайрылып атып үмүтү үзүлгөн соң акыры Бириккен Улуттар Уюмуна терроризмге каршы күрөшүү боюнча долбоор жазып, Баткенге барууга мүмкүнчүлүк алды. Баткен согушуна жөнөөр алдында:

-Бүгүн сени Төлөгөн Касымбеков менен тааныштырам, – деди. Жазуучунун иш бөлмөсүнө башбактык. Чалгынчынын мурдатан кабарын угуп, эрдигине маашырланган жазуучу:

-Сендей адамдарды баатыр дейт. Так ушул элге керек болуп атканда, сага колдоо көрсөтпөй атышканын карачы!? – деди зээни кейий…

* * *

Айланага күүгүм түшүп, көз байланды. Жолду бойлоп баратып негедир Алик байкени көргөн алгачкы күн эске түшөт. Ал кезде бир оюндан башканы билбеген алты жашар бала элем. Жоро-жолдоштору Аликти алыскы жолго узатабыз деп камынып, токой ичине чогулушту да дасторкон үстүндө түн бир оокумга дейре олтурушту. Көрсө, ошондо Алик байке Москвадагы КГБнын кийин уламышка айланган “Вымпел” деген өзгөчө даярдыктагы курамына кызматка алынып, Ооган согушуна жөнөп аткан кези экен. Ошол боюнча ортодо от күйгөн Оогандагы үч жылдык согуштан советтик аскерлер чыгарылганда гана жубайы Надя менен үйгө келип, эки-үч түнөп эл-журту менен амандашты да, кайрадан ишине жөнөп кетти.

* * *

Жылдар узап атты. 1991-жылы Союз ыдырап, ар ким өз арбайын согуп калган кезде мекениме пайдам тийсе экен деп ишинен подполковник наамы менен бошоп, Кыргызстанга келди да өлкө башчысынын кабыл алуусунда болду. Өлкө коопуздугун ойлойлу, Орто Азия өлкөлөрүндө жаралып кетчү чыр-чатактардын алдын алуу керек, Ысык-Көлгө аскер лагерин куруп, диверсиялык иш-чараларды мыкты билген жоокерлерди даярдап чыгаралы, мекенди коргоого салым кошуп өзгөчө багыттагы отряддарды түзөлү деди. Анын көкүрөгүн өйүгөн ушул идеясы Союз ыдыраганда пайда болуп, өмүрү өткүчө ишке ашпай өкүттө кете берди. Президент ошол жолугушууда бир катар убадаларды жаадырганы менен алдында турган чалгынчынын өтүнүчүнүн бирин да аткарбады. Зор ишеним менен мекениме керегим тийээр деген чалгынчы бир жылдан кийин ишсиз калып, аргасыз деми сууп Москвага кайтып барды. Ары урунду, бери урунду. Турмуш аны каалашынча калчады…

Бир караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен эч кимдин акылына келбеген согуштук ыкмаларына, жарылуучу заттарды чебер колдонгон диверсиялык чеберчилигине жогору бааларын беришкен орустун Геосаясат көйгөйлөрү боюнча Академиясынын президенти генерал-полковник Леонид Ивашов өзүнө жеке референт кылып кызматка алды. Профессорлук даражага жетти. Анын жер бетинде улам бир жерден пайда болуп аткан согуштардын алдын алуу боюнча иликтөөлөрү гезит менен журнал беттерине байма-бай жарыяланып, көптөгөн өлкөлөргө Эркебек Абдулаев деген ысым таанылып чыга келди.

Айрыкча, 1997-жылы он беш миң нуска менен жарык көрүп тез арада таланып кеткен “Позывной – Кобра” аттуу аскер мемуары аркылуу бүткүл дүйнөгө аты угулду. “Профи” жана “Солдат удачи” аттуу аскер журналдарында корреспондент катары кызмат өтөп, Чеченстандагы согушту аралады. Чечен аскер башчыларына жолугуп, кан күйгөн алааматтарды өз көзү менен көрдү. Орустун ошол кездеги саясатын сынга алып, согушту тез арада токтоткула деп тынчтыкка чакырды. Кийин ошол тынчтыкка чакырганынын себебин туура эмес түшүнүшкөн айрым карамүртөздөр үйүнө бараткан жерден кол салып бычакташты. Аман калган чалгынчы дайым тынчтыкты көздөп, күтүлбөгөн жерден жаралчу согуштарга даярдыкта тургула деген чакырык салды…

 * * *

Эркебек Абдулаев – Кабулда жүргөн кезде ооган улутундагы адамдардан советтик тапшырма боюнча бир топ шакирттерди даярдаган. Союз тараган соң чалгынчы даярдаган шакирттердин айрымдары жан сакташтын амалын көздөп, моджахеддердин катарына өтүп кеткенин өкүнүч менен айтып калчу. 1990-жылдардын аяк ченинде согушта чогуу болгон жакын досу ишсиз жүргөн Эркебекке кайрылып:

– Бек, уксаң! Сенин кол алдыңда тарбияланган Махмуд эсиңдеби? Мына ошол Махмуд азыркы тапта эң ири бандалык топтун башчысы болуптур. Кабул менен Жалал-Абаддын жолдорун көзөмөлдөйт экен. Мен мындан бир нече ай мурда ага жолуктум. Сени сөзсүз конок болуп кетсин деди. Жүр, кеттик!? Бир ай ал жакта эс алабыз да, анча-мынча акча таап кайтабыз! – деген кебин угуп көпкө турду да, ачка жүрсө да акчадан да маанилүү нерсе бар экенин, ал адамдык абийир менен ар намыс экенин эсинен чыгарбаганын айтты. Арадан аз өтпөй Москванын борбордук банктарында коопсуздук кызматын башкарган дагы бир досу жардам сурап кайрылды:

– Бек, таптакыр айлабыз куруп турат. Жардам бербесең болбой калды. Биздин банкка кавказдык баш кесерлер тобу, болгондо да чечендер келип силерди колдоп турабыз, ошонүчүн бир нече жүз миңдеген доллар талап кылабыз! – деп коркутуп атышат. Банктын коопсуздук кызматкери катары колдон келген бардык аракетти жасадым, бирок, эч кандай майнап чыкпады. Милицияга арызданалы десек, алардан пайда жок. Ал эми банк болсо, мындай ири көлөмдөгү акчаны төлөй албайт. Кандай айла кылабыз? – деди, айласы куруй. Азга ойлоно түшкөн чалгынчы жардам кылаарын айтып жолго түшөт. Тез арада чечендердин баш кесерлер тобуна байланышка чыгып, жолугушууну белгилейт. Ресторанда үч олбурлуу чечен менен бетме-бет олтурган Бек:

– Силер менин согушта чогуу кызматташкан досумду коркутупсуңар! – дейт да, чөнтөгүнөн “Вымпел” жана “Витязь” тобунан алган эки орденди алып чыгып: – Мен мурда бул жерде иштесем, эми азыр бул жакта иштейм. Биз милиция да, прокуратура да эмеспиз. Силер менен кечке эрмектеше албайбыз. Ошончолук согушту каалап атсаңар, анда мен даярмын! – дейт.

Чечендердин бирөөсү Эркебектин улутун, кайдан экендигин билип:

– Байке, келиңиз сүйлөшөлү! Сиз экөөбүз жердеш экенбиз. Мен да Кыргызстандан болом. Сизди капа кылбайбыз, канча керек десеңиз беребиз. Бар болгону бизге жолтоо болбоңуз! – дейт. Муну уккан чалгынчы ачууланып:

– Укчу, сен! Бул менин досум, согушта чогуу жүрүп, окко төшүбүздү тосуп, кан төккөнбүз. Силер мага акча керек деп ойлойсуңарбы? Силер мусулман болсоңор, бир туугандарча сүйлөшөлү. Экинчи ал банкка жолобогула. Чечим силерде? Акыркы сөзүңөрдү айткыла!? – дейт теше тиктеп.

Аз күн өтпөй банкта иштеген досу кубанычы койнуна батпай:

– Бек, сага чоң рахмат. Мен билгем, ушул маселени сен гана чече алаарыңды. Эмнеге муктажсың, айткын. Сага канча керек? – деди. Досунун каректерине кадала тиктеген Бек:

– Жок, досум! Менин пенсиям бар. Кудайга шүгүр, жетет, – деди да, жолуна түштү…

* * *

Менин рапортум канааттандырылды. Органдагы кагаздарымды кабыл алган эски кызматкер Токон Туйбаевич капаланды да: 
– Эх, балам, жашсың, анан калса курчсуң. Жашоону али билбейсиң? Сенин ордуңда болсом мен төраганын бутун жалап, Кировкадагы райбөлүмгө начальниктин ордун сурамакмын. Жакшы үй алып, өзүңө приватташтырмаксың. Кызматтык унаа болмок. Короо-короо кой багып, Москвада жашаган неберелериңди бакмаксың.

 – Аа, Мекенди ким сактайт
 Ээ, эми аны эч ким сактабайт!”  

(“Позывной – Кобра” – китебинен. Эркебек Абдулаев. Москва: Альманах “Вымпел”. 1997-ж.)

* * *

 – “Пакистан менен Чеченстан лагерлеринде даярдалган диверсанттарга кандай баа бересиз? Эмне үчүн алар үч-төрт айда эле биздин училищелердеги аскерлерге караганда алдаканча мыкты даярдыкта? Же алар тандап атканда талапты катуу коюшабы?

– Муну айтып аткан адам менен мени тааныштырып койчу. Маселен, жоокерлерди даярдоодогу усулдарыма кызыгуусу арткан америкалык атайын кызматтар да мени аңдууга алышкан. Бирок, алар эч майнап чыгара алышпады. Анткени, жоокерди даярдоодогу усулдарым кагазга жазылган эмес. Окуудагы сапат биринчи кезекте, инструкторго тийешелүү. Курсанттарым “Град” жана “Ураган” системасындагы ракеталарды эч кандай электроникасы жок, эскиче айтканда, дүрмөт коюп туруп алыска учура алышат”.

(Урал Сулейманов менен болгон маектен. 2008-жыл. “Русская община Украины” сайтынан).

* * *

– Оо, кайран, Алик байке! – дедим күбүрөнүп. Күүгүм талаш көчөдө жолду бойлоп жалгыз келем. Өзүмө өзүм батпай туталанам. Эски күндүн элестери мени учур чактан оолактатып, оо, мындан үч-төрт жыл мурунку жайкы аптаптарда чалгынчы менен болгон бир нече жолку жолугушуулар кайра-кайра көз алдыга тартылат. Жашы элүүдөн эңкейгенине карабай өзү курактуу курбалдаштарынан алдаганча жаш, чыйрак жана күч-кубаттуу көрүнгөн чалгынчынын күлүмсүрөгөн элеси…

Анда 2007-жыл болчу… Жайдын толукшуп толуп турган убагы… Кечки саат төрттөн өткөндө чөнтөк телефонум шыңгырап, андан чалгынчынын:

– Тезинен үйгө кел! – деген үнү жаңырды.

– Алик байке, мен тарых музейинде бир жыйында олтурам! – дедим.

– Эч нерсе болбойт! Ал жакты ташта да, үйгө тез кел! – деди. Тарых музейинен чыгып жарым сааттан өтүп-өтпөй Мукай Элебаев көчөсүндөгү Алик байке турган үйгө жете келдим. Коңгуроонун топчусун бассам кыйлага эч ким үн катпай туруп, анан шарт эшик ачылды да чалгынчы башын акырын чыгарып, эки жагын элеңдей карады. Анан мени менен азга тиктешип туруп, ашкана тарапты көздөй кол жаңсады. Үн катпай ашканага бет алдым. Үстөл үстүнө тамак-аш даярдап коюп жалгыз олтуруптур.

– Ии, кандайсың? – деди. Ар качан үйүнө келген кезде Алик байке көптө барып эшикти ачат да, анан эки жагын элеңдеп карап алат – Рыспектин балдары телефон чалып атат. Чогуу кызматташабыз деген ойлору бар го!? Албетте, мен мындай жолго эзели барбайм. Алардын акчасынын да кереги жок, – деди ойлуу тартып. Анан бир нерсени эстей койду да, ордунан шап атып туруп конок бөлмөсүнө кирип кетти. Көп узабай жүзү күлмүңдөй үстөл үстүнө орден-медалдарды койду.

– Көрдүңбү! Байкеңди куттуктап койсоң болот. Жакында эле Москвадан алдым! – деди. Менин колумда «Звезда Ветерана Спецназа» – деген орден турду.

– Куттуктайм! – дедим, чын дилимден кубанып.

– Жалгыз олтуруп зеригип кеттим. Сүйлөшө турган киши таппай, эсиме сен келдиң!

Үстөл үстүндө тамак-аш менен кошо бир бөтөлкө шарап. Колундагы кырдуу стаканга толо куюлган шарапты көңтөрүп ийди да:

  • Мен сага мурда айтпадым беле? Эгер тээ илгери көкүрөгүмдө жүргөн баягы долбоор ишке ашканда барбы, атаңгөрү?! Ысык-Көлгө өзгөчө багыттагы көп сандаган аскер лагерин ачсам дечүмүн. Кандай гана күнгө кабылбайлы, өлкөнү тышкы душмандардан коргой турган Кыргызстандын өзгөчө багыттагы куралдуу күчтөрү даяр турмак, – деди башын төмөн салып.
  • Чын эле, неге сизди биздин бийлик көрүшпөйт? – дедим, аң-таң болуп. Тамекисин кере соргон Бек үн катпай көпкө турду да:
  • Бул суроону мага эмес, тигил жактагы чоңдорго бер! Алар менин Москвада жашагандыгым үчүн Россиянын чалгынчысы катары көрүшөт. А мен, Мекенди ойлойм, – деди.

Көпкө олтурдук. Саат түнкү 11де ордумдан козголуп кош айтыштым да, жолго түштүм…

 * * *

2005-жылы Акаев өлкөдөн качканда, ал өз өлкөсүнө кайтып келип Кыргызстанды башкарып аткан жаңы бийликке үмүт артты. Кыргызстанга колумдан келген күчүмдү жумшасам деп дегдеди. Бирок, мында да анын тилегин таш каап катуу мүңкүрөдү. Бир сапар үйүнө барсам, жумушу жок бош олтурганга катуу чөгө баштаптыр. Эки сааттай сүйлөштүк. Анан качан мен коштошуп сыртка чыга берээрде жүзүн санаа баскан чалгынчы көп нерсени эстеп өзөгү өрттөндүбү же эч кимге кереги жоктой кайдыгер мамиле жанына катуу баттыбы, айтор, тамагына тыгылган ачуу жашка муунуп чыкты да, көздөрүнөн көнөктөп мончок жаштар жаак ылдый сызылып агып кетти. Эмне кылаар айламды таппай:

– Алик байке! – десем, көз жашын көргөзгөндөн арданган чалгынчы ары карап туруп:

– Бара бер! – деди колун кайдыгер шилтеп. Жолду ката маршруттук унаада адам тагдыры, дегеле турмуш дегендин өзү тууралуу түмөн ойго батам. 1991-жылы Союз ыдыраганда мекенине кайткан Бек президент Акаев менен жолугушуп, көптөн бери кыялында жүргөн тилегин айткан. Улуттук Гвардия түзүү керек деген. Долбоор мынакей, гвардияда 1.200дөй адам кызмат өтөшү шарт деди. Улуттук Гвардия тууралуу идеясын колдошкону менен ага көп сандаган жоокердин кереги барбы деген президент жана анын айланасындагылар. “Ой, азыр тынчтык заман, анча адамды эмне кылабыз? Бизге президентти кайтарууга алган аз сандагы адамдар керек” деди Бектин оюн оң көрүшпөй. Жакынкы аралыктарда Тажикстанда согуш чыгышы ыктымал, кокус от чыгып кетсе көп сандаган күчтүү даярдыктагы диверсанттар керек деди. Кийин баарыбыз күбө болгондой “азыр тынчтык заман” деп атып Кыргызстанды кошо кемиргенге өтүштү. Танкалар менен көп сандаган темир-тезектер сыртка чыгып, андан айрым кызыл кулактар очойгон акчага марышты. Ушундай окуяларды угуп-билип жүргөн чалгынчы мекенди саткандан кайра тартпаган кыйдылар менен иштеше албасын сезди. Сезди да, арманы ичке батпай аргасыз артка кайтты. Москвада туш келген жерде иштеп акыры күчүн кагаздан чыгарды да, белгилүү аскер корреспондентине айланып чыга келди.

* * *

             Чалгынчынын жаш кезин эстесем, Союз учурундагы бир окуя эске түшөт. 1988-жылы атам Талас облустук Агроөнөржай комитетинде башкы экономист болуп иштеп аткан. Так ошол убакта Москвадагы ВДНХга барып келгенге жолдомо берилип, атам менен апам жөнөп кетишти. Эки-үч жумадан кийин кайтып келишти.

Арадан эки айга аяк баспай алыскы Россиянын Ставрополь шаарынан эки КГБ кызматкери Агроөнөржай комитетинин астанасын аттап киришет да, түз эле жетекчисинин үрөйүн учуруп Качибеков деген кызматкериңер кандай неме, кимдер менен байланышы бар, жүрүм-туруму кандай? – деп бардык кызматкерлерден такып сурап, облустук архивди да аңтарууга алышат. Атам ишке келсе, баары эл аралык издөөдө жүргөн чоң кылмышкердей үрпөйүп чоочулай карашат.

Дагы бир күнү кечте үйдө олтурсак атамды астыңкы кабаттагы КГБда иштеген орус улутундагы полковник сыртка чакырып калды. Көпкө дейре көз айырбай кадала тиктеген полковник коңшубуз атамдан Москвага эмнеге бардың, жаныңда кимдер бар эле, паспортуңду, жолдомоңду жоготкон жок белең деп суроо салат. Эч нерсени түшүнбөгөн атам окуяны болгонун болгондой баяндап кирет.

-Москвада каерде жаттыңар?

  • Мейманканада!
  • Кимдин үйүндө конокто болдуң эле?
  • Эркебек Абдулаевдикининде?
  • Ал ким?
  • КГБда иштейт.
  • Токточу, КГБда!?
  • Ооба, КГБда!
  • Сенден эч нерсе сураган эмес беле?
  • Жо-ок!
  • Жакшылап эстечи?
  • Аа, баса, ооба, паспортуңду, жолдомоңду көрсөтсөң деген бир курдай! Аа, эмне болду? – дейт атам ою онго бөлүнүп.
  • Түшүнүктүү, рахмат! Бара бериңиз! – деп жылмаят полковник коңшубуз.

Аз өтпөй ачууга уугуп чыккан атам Москвага телефон чалып:

– Ой, Алик! Сен мени ит кылбадыңбы! Мен партияга өтөйүн деп жаткам! – деп кыйкырды эле телефондун аркы учунан чалгынчынын каткырыгы катуу жаңырып чыкты. Кийинки жылы Алик байке эмгек өргүүсүнө чыгып аялы экөө үйүбүзгө келгенде, окуянын бардыгы ачыкталып олтурат. Көрсө, “Вымпелде” атайын оюн уюштурулуп, он чакты диверсант СССР ичиндеги ири заводдордун бирөөнө бомба коюушу керек экен. Алардын артынан кармайбыз деп жүздөгөн куугунчулар даяр. Дал ушул учурда Москвада жүрүшкөн ата-энемди меникинде жашайсыңар деп мейманканадан Алик байке алып кетет. Эки-үч күндөн кийин чалгынчы:

– Таласта айыл-чарбасы кандай өнүгүп атат, экономикасы кандай? – дейт.

– Ой, анын сага эмне кереги бар? – деп атып, облустун экономикасы менен тааныштырып кирет атам. Аз өтпөй универститетте чогуу окушкан чечен курсташы Хизринин дареги барбы дейт. Чеченстандагы Хизринин дарегин айтат. Дагы бир күн өтөт.

– Паспортуңду, анан жолдомоңду берсең? – дейт. Кечкисин кайра кайтарат. Атамдар кеткен соң КГБда чоң оюн старт алып, диверсанттын ролун аткарган Бек Ставрополго жетет. Мейманканага айыл-чарбасы боюнча тажрыйба алмашканы Таластан келдим деп өзүн тааныштырат. Паспортунда өзүнүн сүрөтү болгону менен атамдын аты-жөнү. Акыры чычкан мурду жөргөлөгүс күчөтүлгөн кайтаруудагы заводго жол таап кирип бомба коет да, Бек деген белги жазып сыртка чыгып кетет. Артынан аңдыган жүздөгөн куугунчулар диверсантты арадан аз өтпөй байкап калып кууп жөнөшөт. Токойго кире качып кутулуп, Чеченстанга жетет. Согуш убагында далай азап тартып кыргыздын сыйын көрүшкөн чечен аксакалдары чогулуп кыргызга урмат көрсөтөбүз деп Алик байкени эки күнү катары менен коноктошот. Үчүнчү күнү Хизриге:

– Мен, мейманканага барып эс алайын! – дейт. “Эртең дагы кооз жерлерибизди көрсөтөм, сени мейманканадан таап алам” деген боюнча Хизри кала берет. Макул, жолугабыз деген чалгынчы аз өтпөй Москвага жөнөйт. Эртеси мейманканадан Хизри курсташы Эркебекти сураштырса, андай адам түк келген жок деген жооп угат. Эркебектин сүрөтүн көрсөтсө, кызматкерлер: “ой, бул Таластан келген экономист Качибеков Кушубек Исанович!” – дешет. Аң-таң болгон Хизри мейманканадан келесоо немедей эч нерсени түшүнбөй сыртка чыгат.

Ал эми чалгынчы көп сандаган куугунчулардан кутулуп Москвага келет да: – Тапшырма так аткарылды! – дейт. Ошентип, бул оюнда башкы байге ондогон диверсанттар ичинен Эркебек Абдулаевге ыйгарылат…

* * *

              Өткөн аптада агасы Жакып Абдулаевге жолукканы үйүнө барсам, оор улутунуп:

– Жакында эле Россияга барып мейманканада бир орус жигит менен таанышып калдым. ФСБда окуйт экен. Бектин агасы болом десем, ордунан атып туруп “кандайча?” деп таңыркады. Анан, Бек өз кесибиндеги эң мыкты адис экенин, анын согушуу ыкмалары, ойлоп тапкан усулдары бизде ФСБда атайы окутулат деди! – дейт, Жакып ага оор үшкүрүп…

Өз элинде өгөйлөнүп жүрүп өкүттүү өмүр кечирген чалгынчы Бек диний экстремисттер күч алып аткан кыйчалыш учурда мекенибиз үчүн анын согуштук толгон-токой ыкмалары керек эмес беле дейсиң!? 2011-жылдын сентябрь айында “Вымпел” бөлүгүнүн 30 жылдык мааракесин утурлай, Россиядагы кесиптештери Эл аралык астрономиялык комитетке кайрылышкан. Астрономиялык комитет – чалгынчынын баскан жолу менен ар дайым тынчтык үчүн күрөшкөн таза дилине жогору баасын берип, “Суукуйду” жылдызына тийиштүү аты атала элек жылдыздардын бирине “жолдош Бек” деген наам ыйгарышкан. Көпчүлүк өмүрүн чет жактарда өткөрсө да ой-санаасында Мекен, анан Мекендин коопсуздугу чыкпаган жолдош Бек – асманга жылдыз болуп кайып учуп кетти…

Автор: ДАНИЯР ИСАНОВ