15-февраль Ооганстандан совет жоокерлеринин чыкканына 30 жыл…

 Б 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган  Ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, Ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7  141   мекендешбиз катышып, алардын 250дөй каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн Ооган согушунун ардагерлеринин саны   5600дүн  тегереги.

-Таалай мырза, сиз Ооган согушуна катышканыӊызды билбеиз. Бул согуш эми тарых болуп калды. Мына ушул тууралуу айтып берсеӊиз?

-Мен Ооганстандын Герат шаарындагы Мотострелковый ротада  командир взвод болдум. Дивизия Шинданд шаарында болчу, биздин полк болсо Гератта жайгашкан. 4 айдан кийин жүрүш-турушка, жөндөмдүүлүккө карап башка взводго которушту. Ал  гранатомёт боюнча взводдо Ооганстандан кеткенче  командир болдум. Биз негизинен Гератты айланып, душмандарды карап, шектүүлөрдү текшерип, ар кандай колонналарды кайтырып жүрдүк.  Кандагарга эки жолу барып келдим. Шиндантка барып келип турдук. Негизи, согушта атышуу, киши өлтүрүү биринчи орундагы маселе эмес. Биринчи маселе өзүңдү тың алып жүрүү. Ар кандай кыйынчылыктарга чыдоо. Мисалы, мен ошол кезде 21 жашта болчумун. Кол алдымдагы жоокерлер 18-19 жашта. Жаштыгыма карабай, аларды колдон келишинче татыктуу башкардым. Кыскасы, жоопкерчилик абдан чоң болчу.

Кан күйгөн согушта бир нече жолу өлүмдөн аман калдым. Андай учур болбой койгон жок, бир эмес бир нече ирет кайталанды. Менин айдоочум, алдына – ала бир кооптуу нерселерди сезе билген, кыраакы жигит болчу.  Бир жолу БТР менен колоннаны кайтарып, узатып баратканбыз. Биз алдыда болчубуз. Айдоочум жолдон койлордун өтүп баратканын көрүп мага кайрылып: “Жолдош лейтенант жол чаң болуп калды, бул жолдон өтпөй айланып башка жолдон өтөйүнчү” деп бир нерсени шекшигендей айтып калды. Мен: “ башты оорутпай айдай  түз эле өтө берчи, бардык жол бирдей эле” –деп айтайын деп оозуп таптап барып, кайра:  “өтсөң, өтө берчи” деп койдум. Ал унчукпай айланып өтүп кетти. Артыбыздан келаткан 10-15тей  КамАЗдын жетинчисиби, же сегизинчиби, айтор бирөөсүнүн айдоочусу башкаларды ээрчибей жалкоолук кылды окшойт, ал  бизди ээрчип айланып өтпөй ошол жол менен түп-төз өтүп баратып, бир кезде катуу жарылды. Көрсө, ал жолго моджахеддер мина коюп коюшуптур да. Мен ошол жерден биз да жарылбай, аман калганыбыз үчүн кубаныч менен айдоочумду люктан сууруп алып, (күлүп) бетинен өөп жибердим.

Согуш болсо да адамдын жеке майрамы болгон туулган күнү унутулбайт эмеспи. Ооганстанда жүргөн жылдардагы  туулган күнүңүз кандай өзгөчөлүктөр менен эсиңизде калды?

—  Экинчи жылдагы туулган күнүм кандай өткөнүн айтып берейин. Экинчиси, биринчи жылдагыга караганда жакшы өткөн десем болот. Анткени, Аскерде жоокерлердин ойлоп таппаган нерсеси аз болот. Анда Кандагар шаарына жакын жерде суу жээгинде  блок посто турганбыз. Күн да жылуу болгон. Мен эртең менен ойгонуп, БТРдин ичинде китеп окуп жаткам. Туулган күнүмө бир күн калганда, күн бою мага жакын жерде жоокерлердин бир нерсени тынымсыз тыкылдатып жатышканы угулуп утрду. “Бул эмнеси” деп түшүнүп-түшүнбөй эле, ага анчалык көңүл бурган эмесмин. Кийин түшүнсөм, менин жоокерлерим  “командирдин туулган күнүн белгилейбиз” деп мага өзгөчө белек жасап жатышыптыр. Мени эртең менинки чайга чакырышты. Мен окуп жаткан китепке кызыгып кетип, бир эмес, үч жолу чакырганда  бардым. Столду болушунча жасашкан экен. Момпосуй, сок, печьене ж.б. жайнап турат. Колду жууп келип эле, дасторконго олтурууга камынып жатсам, бизге анчалык алыс эмес жерден миналардын атылганы жаңыра баштады. Негизи, минанын үнүн көп уга берсең, ал кулагыңа сиңип калат. Бара-бара учуп келаткан күүсүнө, үнүнө жараша кайсыл жерге, канча аралыкка түшөрүн да жазбай билип каласың. Катуу шамалда туш тарапка ыргалып  “шуу-шуу” деп үн чыгарган жалбырактын үнүнө да окшоп кетет.  Учуп келатканы минаны тыңшап турсам, ал түз эле биз турган жерге келатканын баамдап калдым. Жоокерлер деле сезип турушса керек.  Туш – тарапка качып кетүүгө ( бир күн мурун да тынымсыз аткылашкандан улам, биз окопторду кенен казып, коргонгонго даярдап койгонбуз) кеч болуп  калды.    Баарыбыз, минанын жерге түшүп жарыларын күтүп, денебиз чымырап, тиштенип,  кыймылсыз катып калдык. Бир кезде, мина жаныбыздагы 15-20 метр аралыктагы окопко “чук” этип сайылып, жарылбай калды.  Биз ал минанын курмандыгы болбой калганыбызга ишенип-ишенбей, каткан денебизди жазып, түшкөн минанын жанына басып барсак, ал сынып калыптыр. Ошон үчүн жарылбай калыптыр. Жоокерлерим аны бир карап, мени бир карап: “Жолдош командир, бир күндө эки жолу төрөлгөндөй эле болдуңуз” деп каткырып күлүп калышты. Чын эле ал сөздүн маанисине ой жүгүртүп көрсөк,  туура эле айтылгандай. Эгер, мина жарылганда 15 метр жерден далайыбызга осколкаларга чачырамак. Далайы жарадар болушмак, балким…    Айтор, анын кесептинин айтууга да ооз барбайт.

Мен жарылбай калган минаны (82 мм. көлөмдө) алып, ичиндеги жарылчу затын тазалап, алып салып сувенир кылып көтөрүп алдым. Аңгыча, нар жактан бир жоокер: “Жолдош командир, тамак муздап калды” деп кыйкырды. Биз баарыбыз жабылып, кандайдыр бир чоң кубаныч менен тамакка олтурдук. Жоокерлер мен жакшы көргөн пюрени тушонкага аралаштырып, жасап коюшуптур. Бир жоокер: “бизден сизге белек бар” деп калды. Карасам, көлөмү компьютердин көлөмүнөн эки эсе чоң болгон  торт турат.  “Туулган күнүңүз менен! 22 жаш” деп крем менен жазып коюшуптур, розалары да турат.  Кадимкиде эле торт. Талаа шартында, согуш мезгилинде мындай торт кайдан деп абдан таң калдым. Талада, окопто жатсак, тегерегибиздеги айылдардын баарын моджахеддер басып алган. Ал жакка оңой менен кире албайсың.  “Асмандан түшүп калдыбы” деп да ойлоп кеттим. Жоокерлерден: “Бул торт кайдан” деп сурадым. Алар: “сизге белек кылып, атайын өзүбүз жасадык, свечалары гана жок” дешти. Жеп көрсөм,  даамы сонун. Дүкөндөгүдөн айырмасы деле жок. Көрсө, Ташкентте Кулинария инистутунда  окуган Эргешов жоокер бар болчу. Анын айтуусу менен “молодой” жоокерлер менин туулган күнүмдөн бир күн мурун каскага (жогоруда айткан тыкылдак үн) тыкылдатып “крем”  жасап жатышыптыр. Алар тортту печеньеден эле жасашыптыр, аны эзишип, темирдин үстүнө жайып, соктон куюп, ал катыганда печеньеден кайра жайышып, кайра сок куюшуп, крем сыйпашып… Эми даамы укмуш…

Суроо салган Айбек Шамшыкеев