Быйыл мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Бул мааракенин алкагында Кыргызстанды 24 жылдан ашуун башкарган Усубалиевдин ысымын Бишкектеги райондордун бирине,  улуттук тарых музейине, Киев көчөсүнө жана Нарын шаарынын борбордук көчөсүнө ыйгаруу маселеси ЖК депутаттарынан тышкары Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан да сунушталып келген. Шаардык кеңештин депутаттарынын бири эми мамлекеттик ишмердин ысымын Бишкектеги эски аянтка жана “Газпром” куруп жаткан мектепке ыйгарууну сунуштады. Чынында Усубалиевдин ысымын көрүнгөн мекеме көчөгө берүү сунушун айрым саясатчылар өздөрүнө упай топтоо катары айтып жатканы байкалат. Негизи бийлик бир чечим кабыл алып, тарых музейи менен Киев көчөсүнө ыйгарса эң эле туура болчудай

Булак: Багыт