Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасында козголгон негизги кылмыш иши сотко өттү. Анда Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге эки берене менен айып коюлганы боюнча маалымат таратты. 8 адамдын бири  мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да бар. Башкы прокуратуранын маалыматында: Ишти изилдөөнүн жыйынтыгында Сапар Исаковго, Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Айбек Калиевге, Салайдин Авазовго, Жеңишбек Назаровго, Темирлан Бримкуловго жана Ольга Лавровага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция фактысы боюнча тагылган айыптар негиздүү коюлганы айтылат. Бул айтылгандын баары  иштеги далилдер менен  аныкталган.  Бул  кылмыш ишин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун кароосуна өткөрүлүп берилди.