Чет өлкөдө каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн мекенине жеткирүү эң орчунду маселелердин бири экени талашсыз.  Орусиядан жылына 300 дөн ашуун мигранттын сөөгү келет. Бирок  анын 200 дөн көбүн журтташтар өз күчтөрү менен жөнөтүүдө. “Жүк 200” маселесин жөнгө салуу максатында, “Замандаш” саясий партиясы менен чет жердеги мекендештер, “Чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир Кыргызстандыктын өмүрүн камсыздандыруу” жөнүндө сунушту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана Жогорку Кеңешинен колдоп берүүсүн талап кылуу үчүн кол топтоп баштаган.  Демилгени Турция, Италия жана башка чет өлкөлөрдө жүргөн журтташтар дагы колдоого алып жатышканын ЖМКлардан, соц түйүндөрдөн көрүп жатабыз.  «Замандаш” көтөргөн бул маселени Мигарция боюнча кызмат колдоого алып, бул маселе боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп жатышканын аталган  кызматтын  мигранттар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев маалымат жыйынында билдирди. Жүк-200 боюнча камсыздандыруу каражатынын көлөмү болжол менен 200 миң сомду түзүшү мүмкүн.

Чындыгында бул өтө аз сумма, андыктан Миграция кызматы милдеттүү камсыздандырууну киргизип жатканын кошумчалады ал.
Эгерде бул мыйзам ишке кире турган болсо, ар бир чет өлкөгө эмгектенүүгө чыгып жаткан жаран 300 сомдук милдеттүү камсыздандыруудан өтөт. Ал эми кырсык болгон кезде камсыздандыруучу компания 200 миң сомдун айланасында төлөп берет

Шамшиев: “Жүк -200дү жеткирүү боюнча көйгөйлөр бар. Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен  Жүк-200дүн чыгымдарын төлөп бере турган жалгыз өлкө болуп эсептелет. Мындай маселеге туш болгондор 50 миң сомду алуу үчүн паспорт, өлгөндүгү тууралуу билдирген кагаз жана туугандыгын далилдеген документ керектелет ”- деп билдирди.