12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комлекстери коюлат. Андан тышкары, жол белгилерин жаңылоо иштери жүрөт.

Долбоор төрт этапка бөлүнүп, тийиштүү жабдуулар Бишкекте жана Чүй облусунда орнотулат. Аны Орусиянын «Вега» концерни ишке ашырат. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт:

1. Светофордун тийиштүү белгисине баш ийбөө;

2. Карама-каршы тилкеге чыгуу;

3. Жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо;

4. Светофордун токтотуучу белгисине карабай өтүү;

5. Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерди бузуу;

6. Ылдамдыкты чектен ашыруу.

7. Автоунаа токтотуучу жерлердеги, аялдамалардагы талаптарды бузуу.