-Айылчы Сарыбаевич, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын Акционердик коом кылып өзгөртүү маселеси демилгеленип жатпайбы. Бул маселе боюнча сиздин пикирди уксак…

—Өкмөт “Кыргыз темир жолун” Акционердик  коом кылып өзгөртүү кадамына сөзсүз түрдө барышы керек. Бизде Биржа фонду да,   Баалуу кагаздар боюнча саясат да иштебей турат. Базар экономикасына ылайык саясат жүргүзүлүп,  элдин баары акционер болууга умтулушу керек да. Акционердик коомдун жыйналыштарына ишенимдүү өкүл деп коюп эле, өздөрү каалагандай чечип жатышат.  Бирок көбү ушул маселени  түшүнбөй караңгы болуп жатышпайбы. Эл акционерлердин жыйындарына катышып, бул боюнча сабатын жоюшу керек. Америка эли толугу менен акционердик коом болуп калышты. Баарында тең кайсы бир ишкана ж.б. акциялары бар. Ошон үчүн жакшы жашап, колдорундагы баалуу кагаздардын үлүшү менен дүйнөнү кыдырып жатышат. “Кыргыз темир жолун” Акционердик коом кыла турган болсо, бул ишкананын акциясын акционерлерге  “Кыргыз газдай” бир долларга сатпай,  милллирддаган каражатка сатыш керек. Сатып алган адам аталган ишкананын бир нече пайыз акциясына миллиондогон доллар сарптаса, ал  акча ишканага салынган инвестиция катары болуп калат. Анан ошончо каражат сарптаган адам ишкананы кирешелүү кылганга бүт аракетин жумшайт. Уурдайм, жыргайм дегендерге катуу көзөмөл кылат.  Себеби, ким болсо да, сарптаган акчасын толугу менен эле эмес, үстөгү менен кайтарып алгысы келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here