Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын эмгек сиңирген артисткасы Асымкүл Баетова 76 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгы боюнча маалымат таратты.

Асымкүл Баетова 1942-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Ленинграддагы А. Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайын аяктаган. 1959-жылдан тартып Кыргызстандын Опера жана балет театрынын солисткасы болуп, «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу», «Жизел», «Ромео жана Жульетта» жана башка балеттерде башкы ролдорду ойногон. Мындан тышкары «Анар», «Куйручук», «Асел» жана башка улуттук спектаклдерге катышкан. 1982-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Асымкүл Баетованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 12-февралда Чоң-Таш айылында болмокчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here