Журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.

28 жаштагы  Жайнагүл Тазабекова  КТРК, Пирамида, телеканалдарында кабарчы болуп эмгектенип келген. Тазабекованы жоктоп, туугандары жана   5 айлык кызы калды. Журналист кыз 10-февраль түнкү саат 2лерде жолдошу менен туугандарыныкынан коноктон келатканда кырсыкка учураган. Машинени айдап бараткан жолдошу столбаны сүзүп алгандыгы айтылууда. Күйөөсү жеӊил жараат алган.

Маркум Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика факултетин 2014-жылы бүтүргөн. Маркумдун сөөгү эртең Аламүдүн районунун Варонцовка айлында жерге берилет.

Жайнагүл Тазабекова.