Башкы прокуратура Билим берүү министрлигин текшерип, жаңы окуу китептерин даярдап, басып чыгарууда бир нече мыйзам бузуу аныкталганы боюнча маалыматы  расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматта: Дүйнөлүк банк Кыргызстанга «Билим берүү тармагындагы реформаны колдоо» долбоору аркылуу грант жана насыя түрүндө 16,5 млн. доллар бөлүп берген. Бул сумманын 4 млн. 168 миң доллары 5-6-класс үчүн окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга жумшалгандыгы айтылат.

2016-жылы сынакты утуп алган “БК” компаниясы жаңы окуу китептерин келишимдеги бир нече шарттарды бузуп даярдаганы айтылат. Анын жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана талапка жооп бербеген китептер басылып чыккан. Мындай окуу китептерин басып чыгарууда жалпы 32 млн. 749 миң сом максатсыз пайдаланылган деп табылды. Учурда бул факт кылмыштарды каттоо боюнча реестрге жазылып, китепке тиешелүү бардык тараптарды текшерүү башталды.