Ооган согушу учурунда дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну 36 жылдан кийин тирүү табылганын Жалал-Абад облустук Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Энназаров кабарлады. Эрназаров 2018- жылы Россиянын  телеканалдарынын биринен дайынсыз жоголгон Советтер союзунун жоокерлеринин арасынан Орозалы Кочкоровдун аты аталып, анын Ооган жергесинде жашап жаткандыгы тууралуу маалымат айтылганы кабарланган.

Ал буларга токтолду:
— Биздин республикалык кеңеш Орусиядагы кесиптештер менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүгүзүп, алардын жардамы менен дайынсыз жоголгон досубуздун тек жайын аныктадык. Учурда Орозалы Кочкоров Ооганстандын Чакчаран шаарындагы департаменттердин биринде электрик болуп иштеп жатыптыр. Ошол жакта үйлөнүп, эки баланын атасы экен. Биз Кочкоровдун бул жактагы туугандары менен байланышууга аракеттерди көрүп жатабыз. Негизи Ооганстандагы согуш ушул кезеге чейин басылбай жаткандыгына байланыштуу, ал жакта  байланышуу кыйынга турат. 

36 жылдан кийин табылып жаткан Орозалы Кочкоров Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну, үй-бүлөдө 10 бир тууган. Ал  1982-жылы 18 жаш курагында Ооганстандагы согушка жөнөтүлүп, 1983-жылдын жаз айларында барымтага алынган бойдон дайынсыз болуп калган.  Маалымат катары айта кетсек, Кыргызстандан Ооган согушуна 7140тан  ашуун аскер катышкан.  Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи ар кандай жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан. ал эми төрт жоокер дайынсыз болуп калган. Алардын  бири Орозалы Кочкоров болчу.