2018-жылы, 16-августта  Чолпон-Ата шаарынын аймактарынын биринде аялын зордуктаган кишини сабап, жыныстык мүчөсүн кесип салган жаран 14 жыл алты айга эркинен ажыратылды . Бул туурасында Чолпон Ата шаарынын райондук сотунан маалымдашты.

Соттук документте А.А. 16-август күнү болжол менен саат 23.30дар чамасында Чолпон-Ата шаарынын «Арал» участогунда жайгашкан мал сарайга мас болуп келип Т.Б. аттуу жаранды «сен менин аялымды эмне зордуктадың» деп союл менен сабап, бычак менен бир нече жолу сайып, жыныстык мүчөсүн кесип өлтүргөнү айтылган.

Соттук-медициналык экспертизасынын корутундусунда, Т.Б. аттуу кишинин травматикалык шоктон каза болгондугу жазылган.

Ал эми кылмышка шектүү маркумду өлтүрбөгөнүн, аны сабап, кийимдерин өрттөп салганын айкан. Андан кийин эшикке таштап салынган сөөктүн ит оң жаак менен оң көз тарабын жеп кеткени айтылат.

Каза болгон Т.Бнын жакындары  соттолуучуга эркинен өмүр бою ажыратуу боюнча жаза чектөөнү суранган.