11-февралдын түнүндө Бишкекте активисттер банктын алдына  «Тойго кредит алба!» («Не бери кредит на свадьбу!») деген жазууну жазып кетишти. Активисттердин ою боюнча көп эле адамдар насыяны максатсыз алып, максатсыз коротушат. Жыйынтыгында анын азабын тартып, үйлөрүнөн да ажырагандар бар. Болбосо ошол насыядан кутулуу үчүн мигрант болуп чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болушат. Чынында акыркы жылдары колунда жок, бирок насыя алып » Иттин уулу Байгара» деле топураган чоң той берип келатканын көрүп жатабыз. Той берүү эл ичинде атаандаштыкты жаратып жатканы да чындык.

Айрым тойлор кайгы менен да коштолуп келет. Береги тасмадагы аял той учурунда каза тапкан.

Милициянын маалыматында:

«Окуя өткөн жылдын 28-декабрында Сүлүктү шаарындагы кафелердин биринде болгон. Ал жерде той өтүп жаткан, саат 20.30дар чамасында өзүн жоготкон аялды ооруканага алып барышкан. Тилекке каршы, ал ошол күнү эле көз жумган. Мурда ооруп жүрчү экен, тойдо кан басымы көтөрүлүп кетиптир», — деп айтылат.

Каза болгон аял Исфана шаарынын 51 жаштагы тургуну. Бул факт боюнча милицияга арыз түшкөн эмес.

Тойго байланыштуу турмуштук таасирлүү окуя: