9-февралда Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда 26 жаштагы кишинин сөөгү табылып, милиция анын өлүмүнүн болжолдуу себебин кабарлады.

Каза болгон киши теңтуштары менен Кара-Балта шаарында досунун туулган күнүн өткөрүп, ичимдик ичишкен. Кайра келе жатканда ал ажатканага бараарын айтып токтотуп коюну суранган. Бирок кайра келген эмес. Көпкө чейин күтүп калган достору сыртка чыгып издеп таппай коюшкан. Эртеси жоголгон жигиттин агасы менен издөө иштерин улантып анын сөөгүн табышкан”, — деп жазылат маалыматта.

Соттук медициналык экспертизанын алдын ала божомолуна ылайык, 26 жаштагы жигит тоңуп өлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.